www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Уул-келининен кордук көрүп, өзү салган үйдөн айдалып чыккан аял соттон акыйкаттыкты төрт жыл издеди. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна “Айкын багыт” коомдук фондунун директору Мунара Бекназарова билдирди.

Анын айтымында, 18-июлда Жогорку сот апасына кол көтөргөн адамды айыптуу деп тапкан өкүмдү күчүндө калтырды, бирок кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу аны жазага тарткан жок.

Бекназарова Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандар “коргоо ордерин” колдонсо да, алган жарааты анык болуп турса да кордолгонун далилдеши кыйынчылык менен коштолуп жатканын айтууда.

Маселен, иши Жогорку сотто каралган аял сабалганын далилдеп соттук-медициналык экспертизадан төрт жолу өткөн. Бирок зомбулук издери анык болуп турса да анын ишин соттордо кароо төрт жыл убакытты алды.

“Биздеги соттук система ушунчалык жай иштегендиктен кайсы гана адам болбосун, өз укугун коргогусу келип турса да көңүлү калчудай. Бул сот акыйкаттыгына ишенбей, ара жолдо калгандар эмне үчүн көп экенинин бир гана мисалы” дейт укук коргоочу.

Адистердин айтымында, үй-бүлөлүк зомбулук боюнча милицияда катталган факттар жылдан жылга көбөйүүдө. Маселен, 2011-жылы 794 болсо, 2015-жылы бул көрсөткүч 1736га жеткен.

3-июлда Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева сотторго болгон ишеним арбый түшкөнүн айтып, 2017-жылы 2016-жылга салыштырганда сотко кайрылгандардын саны 12,2 пайыз көбөйгөнүн жана биринчи инстанциядагы соттордун иши нормативде белгиленген көлөмдөн үч-төрт эсе көп экенин билдирген.

Булак: "azattyk"

Последние новости