www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БОЛГОН ОКУЯ: Карышкырдын каргышы

Бул окуя Жети-Өгүз районуна караштуу, айтылуу Ак-Шыйрак деген жерде болгону айтылат.

Түнкатар деген жашы отуздан оогон, бул  аймакта жылгыз жашаган чабандын короосуна карышкыр тийип, эки коюн жара тартып кетет. Бул эми кыштын кыраан чилдесинде болуптур. Кышында өзгөчө бөрү баласы үчүн тамак таап жеш азаптын азабы экенин ким билет.

Эки коюна ичи ачышкан Түнкатар карышкырдын изин аңдып, беш-алты жерге капкан салып, кеминде бир апта убара болот. Акыры тилеги кабыл болуп капканга ачка, арык кейпи кеткен бөрү баласы түшүп калат. Бул карышкырды алыстан дүрбү менен көрүп, эчак эле таанып койгон Түнкатар, оозун кемештеп байлап, үйүнө алып келет дагы, эки бутунан асып байлап, тирүүлөй терисин сыйрып кирет. Эх, адамдан өткөн мыкаачы жок белем.

Айткандай согуш учурунда немистер дагы элди эмне деген гана кыйноого салган эле...

Алардан өтүп Түнкатар дагы тирүүлөй бөрүнүн терсин сыйрыганы, бул мыкчылык эмей эмне. Карышкырдын башын салаңдатып жерди каратып, эки арты бутунан асып коюп терисин сыйрып жаткан Түнкатар ушунчалык таң калат. Анткени карышкыр бир да жолу “кыңк” деп үн чыгарып койбойт. Ошол себептен “көк жалдын тукуму” деп айтылат окшойт.

Качан гана терисин сыйрып бүтүп мурунуна жеткенде гана карышкыр бир жолу “кыңк” деп үн чыгарат. Карышкырдын терисин сыйрып болгондон соң Түнкатар карышкырды коё берет. Ошондой суукта, териси сыйрылган карышкыр 100 метрдей басып барып, анан гана артын карап олтура калып Түнкатарды караган калыбында  улуп,  ошол жерден жыгылып жан берет. Ошондо Түнкатардын дароо өңү бузулуп, кулагы тунуп кетет.

Анткени карышкыр кадимкидей өз тилинде каргагандай туюлат. Ушул окуяга күбө болгондо гана Түнкатар чоң кемчилик кетиргенин билип, өкүнөт. 

Ошол күндүн түнүндө карышкыр түшүнө кирет:

- “Сен бекер кылдың, жанымды кыйнабай алсаң болмок” деп айтып, тилин салаңдатып, дагы бир нерсени айтат. Бирок Түнкатар карышкыр дагы эмне деп айтканын билбей калат. Түн ортосунда чочуп ойгонгон Түнкатар таң атканга чейин уктай албай ар тараптуу ой жетелеп, жүрөгү тынчыбайт.

Эртеси күнү таң атканда атына минип, малды инисине тапшырып коюп, айылга сапар алат. Алыс жолдо келе жатканда дагы кулагына карышкырдын уулуганы угулуп, көз алдына анын кыйналып жаткан элеси тартылып ушунчалык жаны азап тартат. Айылга шашып келип атасына болгон окуяны айтканда, атасы угуп абдан капа болуп, өзү билген болгон  ырым-жырымды жасап анан уулуна айткан экен:

-Эми мындан кийин бөрү баласынын жанын кыйба, кыйсаң алиги карышкырдын каргышы тийет. Сен адам баласы жасабаган ишти жасаптырсың – деп, катуу эскертет.

Ошондон кийин Түнкатар карышкыр атканды токтотуп, аларды көргөндө асманга мылтык атып үркүтүп, ал тегеректен кетирүүнүн амалын гана кылып калган экен. Ооба, жаш кезде адам баласы курчтук кылып эмне деген гана иштерди жасабайт. Ошентсе дагы каргышка калгандан сак болуш керек экенин ар ким эсине түйүп койгону оң.

Чынын айтканда ар бир жаныбардын дагы каргышы тийет, алардын ичинен кайберендин жана жыландын каргышына калгандан сак болуш керек экендиги эл арасында кеңири айтылып жүрөт.

Бердикожо Бийназаров, NazarNews.kg

Последние новости