www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 1-апрелде Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы жаңы дайындалган ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаровду Баткен облусунун активине жетелеп барып тааныштырганын Өкмөттүн Басма-сөз кызматы билдирген эле.

Арадан көп өтпөй эле Акрам Мадумаровдун бир нече “кылыктарын” соцтармактардан жарыялап жүргөн баткендик активист Роза Маманованы жергиликтүү укук коргоо органдары аны издеп жүргөндүгү соцтармакка тарады. Ага кошумча Маманованы жакындары Ак-Сайда качып бара жаткандыгын кабарлаган.  

Азырынча Роза Маманова качып кайсы жерге жеткени белгисиз айтор, Мадумаров аны качырдыбы же жокпу аны убакыт көрсөтөт...тактаганга аракет кылабыз...

Эске сала кетсек, Акрам Мадумаров облустун эң ири району Кадамжай районунун акими, ошондой эле борбордук бийлик органдарында жетекчилик кызматтарда аркалаган.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында Мадумаров “Баткен облусун мындан ары карай өнүктүрүүдө кызмат өтөйт”...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости