www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бул окуя тээ илгери өткөн кылымдын 60-жылдары болгон экен. Бектен жаш кезинен ата кесибин улантып, колхоздун малын багат. Ооба, мал баккан адам жайы-кышы тоодо мал менен болуп, айылга анда санда түшөрү анык. Андан дагы ысык-суука туруштук бериш да керек.
Мезгил жаз. Май айынын башы.Тоодо карлар ээрип, мал кол карабай калган. Кечке маал Бектен койлорду короого жакындатып айдап келип, айлана-тегерекке көз салып, дүрбү менен маңдайкы кырды караса дөбөт карышкыр чоң таштын коңулунда жатканын көрүп чочуп кетип, мылтыгын алып чыгып, атына минип карышкырды көздөй бастырганда карышкыр эчак караанын ал жерден алыс алып кеткен болот. Бектен ал карышкыр түн ортосунда сөзсүз келээрин да билет.
Айткандай эле түн ортосунда эмнегедир эле иттер үрүп, койлор үркүп калат. Бектен үйдөн атып чыгып, мылтыктан ок чыгарат. Бир аздан кийин айлананы кайра тынчтык каптап, эч нерсе болбогондой абал пайда болот.
Бирок, ошол күндөн баштап ургаачы ити кеч кирди эле үйгө токтобой каякадыр кетип калып жатканын байкаган Бектен, бир күнү итин аңдайт. Ургаачы ити анча алыс эмес жердеги бадалдын арасына кирип кетет да, анан кудуум жаш келиндей дөбөт карышкырга эркелеп жатканын өз көзү менен даана көрөт. Бирок, итин аяп дөбөт карышкырга ок чыгарбай үйүнө келет. Анткен менен ошол убактарда малга карышкыр тийбей, айлана тынчып калган болот. Ургаачы ит күндө бир маал жоголуп кетип, кайра келип жүрөт. Бул көрүнүшкө Бектен көнүп деле калат. Ит акыркы кездерде такыр эле эки-үч күндөп жоголуп кеткен адат таап алат. Бектен ага деле анча маани бербейт, бир жагына малына карышкыр тийбегенин ити менен бөрүнүн ымала түзүп калганына жоруп коёт. Болбосо анда-санда малга карышкыр тийип турчу.
Убакыт жетип журт которууга да туура келип жайлоодон, малды күздөй турган жерге айдап келет. Жакага түшкөндө ургаачы ити абдан эле чарчаган адамдай жүдөп да кетет. Бирок ага деле маани бербейт. Бир күнү анча алыс эмес жерден карышкырдын уулуган үнүн угулганда, канчык ит дароо ал жакты карап, эч нерсеге карабай чуркап жөнөйт. Артынан аңдып барган Бектен карышкыр менен ити бирин-бири жыттап, бири-бирине эркелеп жатканын көрүп, карышкыр ушунча алыс жерге канчык итти издеп келгенине таң берет. Айткандай ошол окуядан кийин ити карышкырды ээрчип кеткеби же карышкыр тиштеп салганбы айтор, курган ити жоголуп кетиптир. Бул эми биз билбиеген карышкырларда дагы арзуу болобу ?-деген суроону туудурат. Эгер дөбөт карышкыр, ургаачы итти арзып калбаса аны издеп келбейт эле го? Андан дагы итти өзү менен ээрчитип кеткенине эмне себеп болгон?
Бердикожо Бийназаров, NazarNews.kg