www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БОЛГОН ОКУЯ: Кой айдаган арбак

Тээ илгери, тактап айтканда 1979-жылдары биздин айылдан сексенге жашы тайып калган карыя каза болот.

Арадан тура бир жыл өткөндө, тактап айтканда каза болгон күнү балдары мал союп куран окутушмай болушат.

Ошол күндөн бир түн илгери карыя улуу келинин түшүнө кирет да анан нааразы болгонсуп минтип айтат:

-Балам, карачы, жалаң эркек кой айдап жүрөм. Бир жылдан бери мага арнап жалаң эркек кой сойдуңар. Эртең дагы эркек мал сойгону жатасыңар! –деп айтып алдындагы малды айдап жолуна түшөт. Чын эле келини Жумагүл, кайын атасы он чакты кой айдап бара жатканын көрүп, үн катып жооп бере албай коёт, эртең менен таң эрте келин ойгонуп кетсе түшү болот.

Жаткан ордунан туруп таңкы наардын камын көрүп анан, болгон туугандар чогулганда Жумагүл көргөн түшүн эстеп, жолдошуна анан кайнилерине  бир баштан айтып баштайт:

-Атам түндө түшүмө кирди – деп, ал киши «жалаң эркек кой айдап жүрөм» деп айтканынан бери айтып берет. Балдары таң калышат. Бирок чын эле эстеп көрүшсө карыя каза болгону жалаң эркек кой союлганын эстешет. Андан дагы бул жолу да байланып жаткан чоң ирикти сойгону жатышкан болучу. Аны карыя билип айтканына таң калышып, ал ирикти чоң семиз ургаачы койго алмаштырып союп анан куран окутушкан экен.

Көрсө ар бир арналып союлган мал тиги жайга кеткен маркумга жетээрине ишенсек болоруна бул болгон окуя себеп болуп жатпайбы. Бирок ашкере диндин фанаттары баары бир ишенишпейт. Анткени алар башка улуттун салт-санаасы менен жашап, башкача ой жүгүртүп калышканын жашырганда эмне?

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости