www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Жетим балдар үйүнөн тарбия алдым..."
Мен балдар үйүндө тарбиялангам. Ал жакта ким тың болсо гана жашап кетет. Көп запкы тарттым. Мени тоголок жетимсиң дешчү тарбиячыларыбыз. Каникулда эч жакка кетчү эмесмин. Кээде тарбиячым үйүнө алып кетип, балдарына кошуп бакчу. Килейген муздак шаарда бир да жакыным жок экенине ызаланып, түнү менен жуурканга оронуп алып ыйлаар элем. Балдар үйүн аяктап жатканда бараар жерим жоктугунан, ошол эле жактын ашканасында иштеп калдым. Мага боорлору ооруса керек, болбосо мен сыяктуу эч кими жок куураган жетимдер канча дейсиз... Тарбиячым апамдай эле болуп калган. Кантип бул жакка келип калганымды көп жолу сурадым. Эжем көзүн ала качып, ачык жооп берчү эмес. Жогорку окуу жайга тапшырып оку деп көп айтчу. Бирок жетимдиктин айынан билим деле ала алган жокмун. Окууну аяктаганымдан көп өтпөй эле турмушка чыктым. Азыр 2 балам бар, кудайга шүгүр. Жалгызмын деп көп ыйлачумун, бирок жалгыз эмес экенмин...
"Эгизиң бар дешсе ишенген эмесмин..."
Жалгыз эмес экенмин дегенимдин себеби, жакында эле эгизим бар экенин кокусунан билип калдым. Балдарымды ойнотуп парктан чыгып келе жатсам алдымдан бир эже чыгып, кимдир бирөөгө аябай окшош экенимди айтты. Экөөбүз сүйлөшө кеттик. Ал мен жөнүндө кененирээк билгиси келди. Мен болсо эмнегедир кооптонуп, көп ачылып сүйлөшкөн жокмун. Ошентип ал күнү эч нерседен кабарым жок эле үйгө келдим. Бир убакта үйгө бирөөлөр келди деп калды жолдошум. Сыртка чыксам жанагы эже. Аябай таң калып, эмнеге артымдан келдиңиз деп сурай кеттим. Ачуулана түшкөнүмдү дароо байкап, сүйлөшөлү деп калды. Үйгө киргизип, сүйлөшүп отурсак эле мен эгиздин түгөйү экенимди айтып калды. Бир ишенип, бир ишенбей түрдүү суроолорду бере баштасам эле, "Ишенбесең эгизиңди чакырайын, сени көптөн бери издеп жүрөт" - деп калды. Ал сыртта машинада отуруптур. Дароо эле сыртка чуркап чыктым. Чын эле мага окшош кыз экен. Аябай таң калдым. Жоолук салынган, намаз окуган кыз экен. Мени бекем кучактап боздоп ыйлап жиберди. Мен болсо боюмду ала качып ишенбей турдум.
"Өгөй энебиз экөөбүздү эки жакка бөлүл таштаган экен..."
Көрсө апам эгиз кыздарын төрөйм деп жатып төрөттөн кайтыш болуп калыптыр. Атам бизди бага албай, таенем багып жүрүп, 2 жашка чыкканда ал байкуш кайтыш болуп калат. Атам бул аралыкта экинчи жолу үйлөнүптүр. Таенем кайтыш болуп калганда башка багаар киши жок атам бизди өзүнө алыптыр. Бир аз өтпөй эле атам да жол кырсыгынан кайтыш болуп калыптыр. Өгөй өз болчу беле, атам кайтыш болгондон кийин бирибизди балдар үйүнө өткөрүп, бирибизди багабыз деген бирөөлөргө берип коюптур.
Ошентип куурган жетимдер эки жакта тарбияланыптырбыз. Эгизиме түгөйү бар экенин, ата-энебиздин кайтыш болуп калганын кийин ошол өгөй апабыз айтыптыр. Балким жан дүйнөсү тынчтанбай кыйналгандыр. Ал эгизи бар экенин уккандан бери мени издештириптир. Мага парктан жолуккан эгизимдин баккан апасы экен. Ошентип тагдырдын запкысына кабылган байкуш жетимдер биригип, буулугуп көпкө ыйладык. Эгизимдин ата-энеси аябай жакшы адамдар экен, мени да кыз кылып кабыл алып, төркүндүү болдум.
Бизге өмүр беребиз деп омурткасы сыздаган апабызды, эрте дүйнөдөн өтүп кеткен атабызды эстесек жүлүнүбүз зыркырайт. Кийин атамдын да, апамдын да бир туугандарын издештирдик. Апам бир үйдүн жалгыз эле кызы болчу экен. Атам тараптан эч кимди издегибиз келген жок. Балким атамдын туугандары убагында бизди асырап алса минтип эки бөлөк тагдырды баштан кечирбейт белек, ким билсин...
Тагдыр деген ушундай оор нерсе турбайбы. Бирок кеч болсо да бир тууганымды тапканыма кудайга миң мертебе шүгүр келтирем.
Булак: Фабула