www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Махабаттын дайрасын кимдер гана кечпеген. Кимдир бирөө үчүн ал кол жеткис арзуу болсо кимдир бирөө үчүн ал баркталбай жолдо жаткан баракча сыяктуу экен. Окуямдын аркасы менен балким башка бир инсанга тарбиялык мааниси тийип  калабы деген ниетте катымды жазып олтурам…  

Кеч күздүн күнү болуп ал күнү нөшөрлөгөн жамгыр өз өкүмүн жүргүзүп жаткан эле. Жаанда калган адамдарды карап терезеде ойлуу олтурдум. Ар бир мезгилдин өзүнүн сыйкыр керемети бар эмеспи. Табияттын күз мезгилинин бул кооздугуна өзүмдү жогото тиктеп карап олтурдум. Сулуучумак келген келиндин шашып басып бара жатканын карап калдым.  Ал жаш келиндин бир колунда кызы бир колунда азык-түлүк салынган баштыгы бар экен. Бир маалда ал үзүлүп калып байкуш тырмалаңдап жүдөп кетти. Карап тура албай дароо чуркап барып жардам көрсөттүм. Чачылып кеткендерди терип келип көтөрүшүп жардамдашып калсам, ууртунан жылмайып ыраазы болуп жатканын билгизди. Тынымсыз жааган жамгырда аябай суу болуп калдыктан ысымын сураганга дитим барбады. 

Ооба таанышууга далбастан жатат деп ойлоп калаары анык. Биринчи жолу көрүп жатсам дагы жүрөгүмдө жылуу сезим уялады. Такси тосуп аны кичинекей кызы экөөнү салып жибердим. Кыйналып турган жаранга жардам берип коюу менин адамдык парзым. Бирок ал чырайы келишкен жанды жактырып калдымбы билбейм. Эмнегедир түшүнө албайм. Күн сайын аны дагы кезиктирип каламбы деп күтөм, тилекке каршы мен ойлогондой боло бербеди.   Андан кийин билинбей арадан күндөр айга, айлар жылга алмаша берди.  Мен дагы башка адамдар сыяктуу өз арабамды тартып жүрдүм. Бир күнү офистен чыгып машинама жетип олтурайын деп жатканда бирөө мени карап турганын байкап калдым. Аны карабастан эле сумкамды унаамдын артына салып жаткам. Ал мени дагы деле карап жатканын сезип туюп аны карадым. Эмнегедир тааныш көздөр. Бирок ким экенин эстей албай жаттым. Ичимден “Сен дагы дал мен ойлогон ойду ойлоп турасың”  дедим.

Албетте ал жердеги кырдаалда экөөбүз тең чогуу түшүп турабыз. Бир маалда бир жыл мурун үйдүн алдынан өтүп бара жаткан келин экенин эстедим. Болгондо дагы сүйгөнүмдү көргөндөй болдум. Эмнеге эстей албай жаттым деп башымды урдум.  “Сыр аяктын сыры кетсе дагы, сыны кетпейт” демекчи мөлтүрөгөн капкара көздөрү,  ал канчалык жүдөө тартып турса дагы аны сулуу көрсөтүп турду. Бирок ал кетенчиктеп баратты. Колунан кармап машинага олтуруп шашпай сүйлөшүүбүздү өтүндүм.  Бул жер шаардын ичи болуп, тынч эмес экенин айтып, унаамдын рулун шаардын четин көздөй бурдум. Шаар аккан суунун жээгине келип токтодум. Суу жээкке келип олтурсам эстүү жан өзү келип жаныма олтурду. Ортобуздагы жымжырттыкты эч кимибиз буза албай ар ким өз ойлорубуз менен болуп жаттык. Оор үшкүрүп ал:

-Менин атым Арууке. Билем мага көптөгөн суроолоруңуз турат. Баардыгын сезип жатам. Ал күнү жолдошум мени ала качып барып көпчүлүк менен олтургузуп койду. Той болот тойдун эртеси да болот демекчи,  той бүтүп очор - бачар болуп жашап калдык. Арадан алты ай өтүп кош бойлуу экенимди шаардык ооруканадан билдим.

Бирок, баардыгы мен ойлогондой бактылуу жашоо күтүп турган жок баары тескерисинче болду. Жолдошум күндө ичип келчү болду. Башка жаштардай мен дагы эл катары жанталашып оокат кылсак деп ойлочумун. Бул нерсени мен жакшы ал жаман кабыл алат. Болгондо дагы “дунгандай болуп тырбалаңдап иштей беребизби”,  деп жек көрөт. Арадан убакыт өтө берди УЗИден боюмда кыз экени белгилүү. Баардыгы ушундан башталып ичкилигин күчөтүп айрым учурда колу тийчү болду анча мынча. “Казан аяк кагышат, эрди катын урушат”, - деп коюшат эмеспи анын сыңары мен таарынып эле коюп жүрдүм. Күн өткөн сайын кызыл камчылыгы күчөй берди. Кош бойлуу болсом дагы чыдап жүрдүм. Башкаларга окшоп кетип калайын  десем  менде деги төркүн деген да жок.

Ата - энеден эрте ажырагандыктан жетим калган элем. Аны билгендиктен өз каалагынандай кемсинтип жүрдү. Айла жок тагдырым деп ага деле таарынган жокмун. Арга канча эмне кылам анан. Ичип келип алып уруп тепкилегенде ичимди катам жандалбастап, бирок эч бир аяп койбойт. Адам баласынан ушунчалык да мыкаачы чыгаарына буга чейин ишенбей келгем. Качан аны өз көзүм менен көрүп, жон терим менен сезгенде толугу менен ишендим. Ананчы, боюнда бар аялды сабап жатып калуу деген эмне шумдук.

Өзү ала качып келген, исламдын мыйзамдарына ылайык бир да жолу күйөөмө өйдө карап сүйлөгөн жокмун, туугандарын дайым ийилип сыйлап турам  анан кайсы айыбым үчүн кош бойлуу болуп туруп көзүмдөн көк ала кетпейт. Ал үйдө жок кезде өңгүрөп ыйлайм, бирок ыйымды короодогу жалгыз дарак гана түшүнүп аягансып жалбырагын түшүрөт. Толгоо башталган күнү дагы үйгө келген жок. Кошуна эже тез жардам чакырып берип ооруканага алып кетишти. Көпчүлүк элдер  наристеси жарык дүйнөгө келгенде маңдайлары жарылып сүйүнүп той берип айымдар кубанычтан көздөрүнө жаш алат эмеспи, ал эми мен тескерисинче кубанычтан эмес күйүттөн көзүмө жаш алдым.

Кызыл эт ымыркайым экөөбүз азап тартуу үчүн келгенбизби билбейм. Жолдошум бир да жолу кабар албады. Менин кыз төрөгөнүм чоң айып болуп туруп алды. “Эркек туушун керек болчу” деп орой сүйлөп ур-тепкиге алганын токтотподу. Бул нерсе менден эмес табияттан экенин эч түшүнбөдү. Анысы аз келгенсип ичип алган күнү кызым экөөбүздү үйдөн кубалап чыгып салат.  Адам баласы ит жандуу келет эмеспи канчалык азап тартсам дагы жашап жүрдүм. Акыры жакшылыктан үмүтүм үзүлүп ажырашып кетүүнү айттым. Ушуну эле күтүп жүргөнбү бейм дароо макул болуп ажырашып тындык.  Ал эми сиз мага бир жыл мурун жаан алдында кызым экөөбүзгө жакшы жардам көрсөткөнсүз. Ошондогу сиздин көмөгүңүздүн аркасында чыныгы мээримдик, жылуулук орун алып турганын жан дилим менен сездим. Дал ошондой жылуулукка мен зар болуп жүргөнүмдү билген эмессиз.  Жолдо кетип баратып эң бир жакын адамымдан айрылгансып ичим ачышты,  бейтааныш болсоңуз дагы.   

Ал учурда батирге чыгып борбордогу кафелердин биринде пол жууп иштеп жүргөм. Аялуу жандын оор тагдырын угуп отурдум.  Жигит болсом дагы  көзүмөн жаш тегеренип кетти. Албетте жанында отуруп угуу бул башка экенин айрымдар түшүнбөй, эркек болуп эмне жашыйт деши мүмкүн. Аңгыча кеч кирип калган экен шашып  кызын бала бакчадан чогуу барып алдык. Апасына окшоп мөлтүрөгөн кыз  татынакай болуп чоңоюп келе жатыптыр. Дагы да болсо көмөгүмдү көрсөтүп, ага дароо эле жакшы райондон батир алып берип, мен иштеген фирмага жумушка киргизип койгом. 

Арадан билинбей убакыт өтө берди Аруукеге жардам берип жүрүп ортодо жылуу сезимдер пайда болгонун экөөбүз тең сезип жүрдүк бирок анча билгизбейт элек бири - бирибизге. Түшүнүктүүлүгүнөн улам мамилебиз алгач бекем достукка андан кийин тез эле махабат майданына алып барды. Анын кичипейилдиги жакшынакай келбетин ого бетер сулуу кылып көргөзүп турат.  Бул кезге чейин жумуш деп жүрүп үйлөнгөн эмесмин. Бирок үй-бүлө бул өзүнчө чоң бакыт экенин бойдок болсом дагы билет элем. Кечигип болсо да жолуккан сүйүүбүз биздин баш кошуубуз менен аяктады. Бул дүйнөдө бизден бактылуу эч бир жан жоктой сезилет.  Кызы Берметти өз кызымдай көрөм, ал мага эркелеп экөөбүз ойноп олтурганда Арууке элжиреп бизди карап:

-Алтындарым менин силер аман болсоңор экен,  силер үчүн жанымды да берүүгө ар дайым даярмын. Аттиң ошентсе дагы эрте жолукканыбызда эмне, - деди көзүнө жаш алып.

-Аруужан баары жакшы эч сарсанаа болбо, -  дедим жүзүнөн сүйүп.

Эрте жолуканыбызда намысым менен турмушка чыгат элем деп көп ойлонуп, өзүн жей берет окшойт чамамда. Жүрөгүнүн картын сыйрыбай тескерисинче көп жактан колдоп турам. Ошого жараша келинчегим  мага да үйрүлүп түшүп жакшы мамиле кылат. Жыл айланып эгиз бала төрөп берди. Мындай бакытты укканда кубанычтан жүрөгүм жарылып кете жаздады. Кеч болсо дагы чыныгы махабатыма жолугуп бактылуу өмүр сүрүп жатканыма чексиз ыраазымын. Ал эми өз теңин убагында баалап барктай албагандарга бир аз да болсо менин жазган  катым, сабак болсо анда мен максатыма жеттим деген терең ишеничтенмин!

Адилет АКМАТКАЗИЕВ

Последние новости