www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаевдин бийлиги учурунда чет мамлекеттерден кайра-кайра карыз алып отуруп, бир гана Кытайга карыздарыбыз миллиардан эбак ооп кеткен. Карыздарды төлөө убактысы Кытайга 2029-жылы башталат. Эгер биз башка жол таппасак карыз төлөп отуруп эле элибиз эмне күн көрөт эле?

Финансы министрлигинин маалыматына караганда, 2019-жылдын жети айына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 млрд. 453,99 млн. долларды (310 млрд. 667,54 млн. сомду) түздү. Анын ичинен 3 млрд. 767,49 млн. доллары мамлекеттик тышкы карыз болсо, 686,50 миллиону ички карызга кирет. Жыл башынан бери мамлекеттик карыздын өлчөмү дээрлик 28 млн. долларга азайган. Азайуу бул жакшы касиет.

Ал эми сегиз айда мамлекеттик карызды тейлөөгө 16,2 млрд. сом жумшалган. Анын 8 млрд. сомдон ашууну тышкы карызды жабууга сарпталды. Кыргызстандын эң көп карызы Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына туура келет.

Буга чейин Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын тышкы карызы боюнча жумушчу топ түзгөн. Анда быйыл октябрда мамлекеттин карызы боюнча парламенттик талкуу өткөрүү тууралуу чечим кабыл алынган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости