www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан Улуттук тарых музейин оңдогон немис компаниясына 225 миң евро суммасындагы карызды төлөй элек. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, карыз кандай негизде, качан төлөнөрү чечиле элек. Министр музейдин ачылышы качан болору дагы белгисиз экенин билдирди.

Музейдеги коррупция бир жыл мурда ачыкка чыккан. Кийинчерээк Башкы прокуратура аны оңдоп-түзөөдөн мамлекеттик бюджет 101,6 млн. сом зыян тартканын билдирген. Учурда бул иш сотто каралууда.

Музейди оңдоп-түзөө ишинде мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаева айыпталууда. Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков болсо бул багытта козголгон кылмыш иштерин саясий иш деп атап келе жатат, деп "Азаттык" жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости