www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адамдын тагдыры менен ойногон шарлатандар азыркы кезде аябай көбөйүп кеткендиги элдин баарына эле маалым болсо керек. Биздин бүгүнкү каарманыбыз дагы бирөөнүн убалынан коркпогон бакшы аялдын айынан күйөөсүнөн ажыраган экен. Балким, анын кайгылуу бул баяны башкаларга сабак болуп калгысы бардыр… 

-Кайдагы бакшы аялдын кесепетинен күйөөм экөөбүз минтип эки ажырым жолго түшүп каларыбыз эч оюма келген эмес эле. Эмесе кеп башынан болсун. Бекжан экөөбүздү өзүбүздүн эле жакын адамдарыбыз тааныштырышкан. Анда мен жогорку окуу жайлардын биринде 3-курста студент элем. Окууну бүтөрүмө эки жыл калган болчу. Шаарда өзүӊдүн үйүӊ болбосо бир топ эле кыйналат экенсиӊ да. Ачыгын айтсам бир тууган таекемдин үйүндө кысынып жашачумун. Кээде «мындан көрө күйөөгө тийип алып батир болсо да ээн-эркин жашасам» деп кыялданып калчу элем. Күндөрдүн биринде бир тууган бөлөм атайын келип: 

-Миргүл, менин жолдошумдун жакшынакай бир классташы бар экен. Айылдан келип үйлөнгөнгө ылайыктуу кыз издеп жүрүптүр. Сенин деле турмушка чыгар учуруӊ келип калды. Ошол жигит менен бир таанышып көрбөйсүӊбү, - деп  суранып калды. 

-Болуптур… Таанышып көрөйүн. Балким, мага жагып калгысы бардыр, - дедим макул экенимди билдирип. 

Андан соӊ бөлөм экөөбүз бул тууралуу таекеме айттык. Ал киши каршы болгон жок. Таажеӊем болсо аябай сүйүндү. Ошентип, алар камдана башташты… Мага күйөө болчу жигит бөлөмдүн жолдошунан тышкары дагы эки классташын ээрчитип алып таекемдин үйүнө келди. Ак дасторкондун үстүндө үйдөгүлөр менен болочок күйөөмдүн классташтары майрамдап жатышты. Бекжан экөөбүздү болсо бир сыйра тааныштырышкандан кийин өзүнчө бир бөлмөгө киргизип коюшту. Биздин жылдызыбыз келишип калгандыктан мен ага турмушка чыкмай болдум. Ал болсо окуумду толук бүтүрүп алганга шарт түзүп берерин айтып убадасын берди. Биз ошол күнү кечинде эле жолго чыктык. Таекемдер жакшы узатып коюшту. Айылда бир жума тургандан кийин эле шаарга келип батирге чыгып алдык. Эки жыл тез эле өтүп окуумду ийгиликтүү аяктадым. Диплом колго тийгенден кийин кайра айылга келип мектепке ишке орноштум. Билинбей эле арадан он жыл өтүп, бул убакыттын аралыгында үч балалуу болдук. Айылда жалаӊ мал карап, жер менен алек болгондон тажаган күйөөм күтүүсүздөн эле оолугуп: 

-Мындай жашоодон тажадым. Шаарга барып курулушка иштеп көбүрөөк акча тапкым келип жатат, - дегенде анын айтканына эч көнбөй койдум. 

-Мен баары бир шаарга барышым керек! - деп  таптакыр жээлигип алган күйөөм эртеси күнү мени менен чала-була коштошуп алып жөнөп кетти. 

Арадан бир жума өткөндөн кийин телефон менен байланышып ишке орношконун айтты. Ошол бойдон дайынын билдирбей жүрүп эки айдан кийин айылга келди.

-Мен жолумду ачтырбасам болбойт. Бирөөлөр мени дубалатыптыр. Эгер дубаны эртерээк чечтирбесем оорулуу болуп калат экем,-деди кайдагы сөздөрдү айтып эсимди чыгарып. 

-Кудай сактасын! Сага эмне болду? Кыжалат кылбай жакшылап түшүндүрчү, - десем ал болгонун төкпөй-чачпай айтып берди. 

Көрсө, шаарда өзү менен чогуу иштеген бир кишинин  үйүнө ууру кириптир. Анан ал төлгө салдырып келебиз деп күйөөмдү ээрчитип алып бир  бакшы аялга барыптыр. Бакшы аял болсо күйөөмдүн мурунку таанышы экен… Бекжан менин сөзүмдү укпай, үйдөгү  малдын баарын сатып:

-Көрөсүӊ го баары жакшы болот. Эми мындан кийин биздин турмушубуз оӊолуп айылдагы байлардын катарын толуктайбыз. Анын касиети аябай күчтүү күчтүү экен. Буюрса, эки айдын аралыгында жыйынтык болот,-деп акчанын баарын алып ыйлаганыма карабай кайра шаарга кетип калды. 

Андан кийин аны чыдамсыздык менен күттүм. Бизден эч кабар  албаганынан  эмнегедир жүрөгүм жамандыкты сезе баштады. Жаӊылбаптырмын. Элден укканыма караганда ал баягы бакшы аял менен жашап алган экен. Башында анча ишенбегендиктен Бекжанды үзүлбөгөн үмүт менен бир жыл күттүм. Айылда биз тууралуу ар кандай сөздөр жүрө баштаганда акыры көчүп кетүүгө туура келди. Учурда ата-энем менен чогуу жашайм. Бекжан ошол бойдон классташтары түгүл бир туугандары менен да катышпай калыптыр. Демек, баягы бакшы аял анын таптакыр башын айлантып жинди кылып салса керек.  Бир учурда анын келечегибиз тууралуу айткан сөздөрүнө ишенип турмуш курганыма өкүнөм. Эми эмне демекчимин? Биздин үй-бүлөлүк очогубузду бузган жанагы  аял эч жакшылык көрбөсүн!  Кудай анын жазасын берсин! 

Нурпери  ИСАБЕКОВА

Булак: NazarNews.kg          

Последние новости