www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзүнүн   жашап   өткен   жашоосунда аялы менен отуз беш жыл чогуу ынтымактуу өмүр сүрүп, анан күтүлбөгөн жерден соңу кандай болуп кеткенине  ал өзү дагы түшүнбөй калды.

"Ой тобо, күнөөсү жок эле аялымды өз колум менен барчалап,  кескилеп,  устукандап   өлтүрүп  койдумбу.   Деги эмне болуп кетти, мен койнумда  жаткан аялымды  өлтүрөйүн деген дегеле оюм да, ниетим да жок эмес беле, кандайча болуп кетти?"

Тоо арасындагы токой ичине барып аялынын устукандалган   өлүгүн   көмүп, билгизбей    жашырып,    кайра үйүн көздөй кайтып келатканда өзүнчө бушайман боло, өзү менен өзү сүйлөшө, сүйлөнүп кетип бара жатты:

"Ушунун баарына алиги канжар күнөөлүү. Ал жөнөкөй канжар эмес, кандуу, касиеттүү, сыйкырдуу канжар экен да. Ошондо анын кесепетинен    үйдүн    ичинин бардыгын быт-чытын чыгардым. Ойдо жок жерден аялымды оо дүйнөгө узатып жалгыз калдым. Бул кандуу канжарга көпчүлүк эмнеге кызыгат билбейм. Адам өмүрүн, канын тилеп турган мындай канжардан эмне пайда?

Андан көрө дагы башка адамга зыян алып келе электе  мунун  көзүн  курутуу керек, муну таптакыр эле түп орду менен жок кылуу абзел, болбосо...

" Ал өзү менен өзү суйлөшө үйүнө кандай болуп кирип келгенин билбей калды. Айлана караңгы болчу, электр жарыгын күйгүзгөндө төрдө-гү столдо отурган кара шляпа, куртка кийген кара кез айнекчен, мурутчан кишиге көздөрү уруна  түштү. Өз көзүнө өзү ишенбеЙ жанталаша чөнтөктөрүн сыйпалады.

- Момуну издеп жатасыңбы?

- алиги киши колундагы пистолетти ага көрсөттү, - муну столго обоймасы толтура огу менен кошо таштап кетипсиң, - ал айланасына көз чаптырып койду,

-  үйүңдү эмне мынча бүлгүнгө учураткансың,  же  криминалдар келип канжарды издештиби?

Баса, канжар демекчи, ал кайда? Ал сенде экенин биз эң жакшы билебиз. "Менде жок, көргөн жокмун, билген жокмун" деп танбай эле кой. Андан көрө бизди мажбурлатпай эле өзүң алып чыгып бер. Канжарды бизге карматсаң, биз сага тийбейбиз, сен аман, биз аман ар кимибиз өз жолдорубуз менен кете беребиз. Кыскасы түшүндүңда...

Андан    кантип    кутулуунун жолун ойлоп келаткан жигит дароо эле ордунан турду да, канжардын катылуу турган жеринен алып чыгып ортого таштады. Ал ак чүпүрөктө тыкан оролуу болчу. Жигиттин айлана-чөйрөсүндө кара көз айнек тагынган окшош, кара костюм-шымчан кишилер турушкан болчу. Алардын канчоо экенин эми гана баамдады. Бул жерде беш-алтоо экен, албетте, сыртта да кароолчулары бар да.

- Канжардын эми мага эч кандай кереги жок. Мунун зыянынан башка пайдасын көрө албадым...

Алиги төрдө отурган киши колуна ак мээлейди кийип акырын оролгон ак чүпүрөктү чече баштады. Анан ушунчалык кооз көркөмдөлүп жасалган канжарды алып чыгып жылмая тиктеп турду.

- Биз муну канчадан бери артынан сая кууп издеп жүрөбүз. Бат эле мунун ээси болуп калаарымды күткөн эмесмин. Же бул подделка, анын көчурмөсүбу?

Мен ойлойм, андай болушу мумкүн эмес, - ал канжарды бир топко кармалап карап турду.

- Муну пайдалана билгенди билбесе, сага окшоп зыянын, азабын тартат. Пайдаланганды билсе көптөгөн пайдасын көрөт. Болуптур, өз эркиң менен канжарды бергениңе чоң ырах-мат, бирок...

- ал канжарды сынап көрмөккө акырын жигитти карай ыргытып көрдү эле, ал ушунчалык  ылдамдык менен барып кекиртегине сайылып, дубалга да кирип кетти. Жигит бир аз силкинип алып дароо жан берди. Мындай болуп кетээрин эч ким күткөн эмес.

-  Демек, бул биз издеп жүргөн чыныгы канжар экен. Кудай буюрса иштерибиз алдыга жүрөт окшойт, иншаалла...

Булар кавказ жактан келген криминалдык топтун мүчөлөрү болчу.

-   Кана жигиттер, бул үйгө бензин чачып өрттөп таштагыла, тим эле эч нерсеси калбай күйүп кетсин,

- алиги киши канжарды ак чүпүрөккө кайрадан тыкан ороп жатып жанындагыларга буйрук бере сүйлөдү. Төрт-беш киши челектеги бензинди алып келип шашыла үйдүн ичине эч жерин соо калтырбай текши чача башташты. Анан бардыгы шашыла сыртка чыгып кетишти дагы, бирөөсү токтой калып артына кайрыла чөнтөгүнөн тамеки күйгүзгүчүн алып чыкты. Бир аз үйдү карап турду дагы, акырын от алдыра үй тарапты көздөй ыргытып койду. Ушуну эле кутүп жаткансып от дароо дурт этип жана, заматтын ортосунда өтө чоң, эбегейсиз өрткө айланды. Бул эмне болгон өрт дегендей анын айланасында жашаган кошуналары терезеден карап жатышты. Арадан бир аз убакыт өтүп, өрт өчүргүчтөр келип өрттү өчурө баштаганда алиги кишилердин карааны көрүнбөй, эбакта көздөн кайым болуп кетишкен.

- Бу канжардын өзгөчөлугүн, сыйкырын, артыкчылыгын сынап көрбөйлүбү?

Муну менен банктарды тоносо болот. Бул аркылуу бай адамдардын үйлөрүн карактаса, көчөдө көп суммадагы акча алып бараткан  инкассаторлордун  машинелерин тоноп карактаса болот. Муну менен акча салынган сейфтердин эшигин жепжеңил гана талкалап ачып алса болот, Муну менен калың темирлерди балта менен жыгач чапкандай жөн гана быт-чытын чыгарып бөлүп таштаса болот.

Кана жигиттер, эмнеден баштайлы дароо эле банктарды кыйра-ып кол салалыбы, же төмөндөн баштайлыбы, - өздөрүнчө топтошуп отурган криминалдык топ акылдашып жатышты.

- Дароо эле эки колубузду матырбай   жеңилирээк,   анан оңоюнан баштабайлыбы?

-   Эмнеден  баштасак деген оюңар бар?

- Давайте адегенде акча алып бараткан инкассаторлорду тоноп көрөлү, ошондо бул канжардын кандай экени,  сыры билинет...

Булак: Шамбала

 

Последние новости