www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экс-депутат, профессор Каныбек Осмоналиев менен саясат, экономика, чек ара маселелери тууралуу маек курдук.
- Каныбек Осмоналиевич, кечээ Атамбаев Кремлден кайтып келип, Путин менен эмнелерди сүйлөшкөнү жөнүндө айтып, мактанды го. Анын айткандарына ишенсек болобу?
- Буга чейин Атамбаевдин мурда айткан сөздөрүнөн караманча танып кеткен учурларын көп эле көрбөдүк беле. Эми ошол адатын кайра карматып резонанс жаратуучу билдирүүлөрдү тарката баштады. Анткени, ал Кремлден күчтүү карт-бланш алып келди. Путин эл аралык этикеттин чегиндеги эле өтмө сөздөрдү элге айтып койду да. Көшөгөнүн артында эмне сүйлөшүүлөр болгонун биз билбейбиз. Атайын самолёт жиберип, Москвага комфорттук шарт менен алынып кетип, кайра ошондой эле шартта кайткан Атамбаев, албетте, оюна келгенди оттоп, мактана берет! Анын келээрки жылкы шайлоого катышаарын Путинге таянып айтканында эле эмне деген пафос турат. Өзүнүн максатташ кишилерин саясий куугунтуктан токтотулушу керектигин дагы Москвага байланыштырып айтып салды. Ушулардын баарына Путин кепил болгон имиш! Анын үстүнө дагы Жээнбеков менен Путин сүйлөшүп коё турганын саймедиреди. Ушулардын баары чын эле айтылдыбы, белгисиз. Канткен күндө дагы жакшы болбой калды, кыргыз үчүн!
- Ушундай көрүнүштөн кийин Атамбаевди жоопко тарта алышабы?
- Эми Атамбаевди жоопко тартуу кыйындады. Ансыз деле бүжүрөп келген прокуратура эми биротоло шал болуп калбаса болду!ИИМ жөнүндө айта берип чарчадык! Москвага кеткенге чейин эле суракка тартып койсо жакшы болмок. Эч болбоду дегенде Кой-Ташка көчмө сурак уюштурууга кантип болбосун эле. Эл туура түшүнүп калмак. Кеткенде жалдырап отуруп берди го? Президентти дал ушул ИИМ көп учурда осол кылып коюп келүүдө. Ороктогу улуттар аралык окуялар, Баткендеги чек ара жаңжалдары ж.б. резонанстуу арабөк кылыктары эмне деген шермендечилик! Эми Атамбаевге карата күбө катары эле белгиленген суракты уюштура албай жүрөт. Кремль киришкенден кийин мындан ары даап иш жүргүзө алышына көзүм жетпейт! Мындай илең-салаң аракеттер жаман кырдаалга алып келип коёт, шору бар мамлекетибизди. Кудайдын көзү түз болсун!
- Путин буга чейин “Кыргызстандын ички саясатына кийлигишпейбиз” деди эле, кийлигишип эле койду го...
-Орус журналисттери Дмитрий Смирнов менен Аркадий Дубновдун жазгандарына таянып, Кремль Кыргызстандын ички саясатына копол түрдө эле кийлигишип алды деп айта алам. Путин азыр дүйнөдө экинин бири болуп калган саясатчы. Аброю өтө эле жогору. Биздин лидерлердин байма-бай жолугууга тушугуп жатканын башка мамлекеттин башчылары дагы байкап турушат. Уят эле иш болду. Мен бул көрүнүштү жүрөгүм катуу ооруп эле кабыл алуудамын. СССР таркагандан бери Кремлге жүгүнө чуркаган өлкө бир эле биз болуп калдык! Анан, албетте, империялык дымагы күчтүү Россия төбөбүзгө минип алат да! Ушунун баары бийликти ар кандай жол менен кармап калуунун же кайра кайтарып алуунун эле амалы болуп жатпайбы, эки дос тарабынан? Элдин пикирин сурап дагы коюшпайт!
- Элдин көбү чынында капа болууда. Болгону Атамбаевдин командасы сүйүнүп, кайраттана түшкөндөй..
- Атамбаев жана анын командасы бир топ эле кайратына кирип алышты. Бул ачык эле көрүнүп калды. Ушул кырдаалга жармашып алышып дагы көп шумдук иштер болуп кетээр бекен? Бийлик катуу иш чаралар менен чыга алса гана, атаганат! Ушундай ыйкы-тыйкы болгон, чала-сабат саясаттын фонунда Кыргыз өкмөтү күжүлдөп иштеп турса кандай жакшы болот эле. Эл дагы алаксып, көр-оокаты менен болмок. Кийинки учурларда араң-жан шылтоолор менен эле алек болуп алышкандай. Саясатка кылчактап эмне кылат, өкмөт. Демек иш билги сапаттары жок экен да. Солтон-Сарыдагы жаңжал эч убакта өзүнөн-өзү эле басылып калбайт! Баткендеги чек-ара көйгөйү эми эле өөрчүп келе жаткандай! Жан алакетке түшүп иштегендин ордуна болбогон эле жадатма отурумдар менен алек болуп жүрүшөт. Кол эле кычышат, да! Бул дагы болсо тууганчыл, зыянкеч кадр саясаттын азабы болуп жатат!
- Премьер-министрдин айтымында, экономикада укмуш өсүш бар экен го...
-Каяктагы экономикалык өсүш жөнүндө айтып жатасыңар? Жеке чарбалардын анча-мынча эле аракеттери болбосо, эч кандай өнөр-жайлык же агрардык секторлордогу өсүштөр байкалган жери жок. Курук статистика менен эле элди сооротмой! Албетте, оппозиция мындан максимум утуш алат. Азыр убакыт расмий бийликке каршы иштей баштады. Менимче, президент, сентябрды күтпөй эле тезинен элдин ишенимине ээ боло ала турган Элдик Өкмөттү курай салышы керек! Ал өкмөттүн составына бүгүнкү күндөгү баардык прогрессивдүү саясий күчтөрдүн өкүлдөрү тартылуусу максатка ылайыктуу. Айрыкча парламенттик эмес күчтөрдүн ресурсун тартса жакшы болоор эле. Ушундай чечкиндүү чаралар гана президентке болгон элдин ишенимин кайрып берээр эле деген ойдомун! Кеч болуп калбасын!
Булак: NazarNews.kg