www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БОЛГОН ОКУЯ: Табышмактуу түш

Мен калаада көп жылдан бери күзөт бөлүмүндө иштейм. Азыр пенсиядамын, ошентсе да бул кесипти таштаганым жок. Мурун болсо милиция кызматкери болуп күзөттө иштеп жүрүп пенсияга чыккам. Кыскасы, өмүр бою күзөт бөлүмүндө иштеп келдим. Ушунча жыл аралыгында калаа ичинде канчалаган гана объектилерди кайтарбадым дейсиң. Ар бир объектинин өзүнчө сыры болот, аны өздөштүрүп алсаң, эч кандай коркунуч сага жолобойт. Кээ бир ээн объектилерде ар кандай тарсылдаган добуштар угула берет. Кээ биринде адамдардын ары-бери чуркаган добуштары чыгат. Атүгүл күңгүрөнүп сүйлөгөн сөздөрү, каткырган үндөрү да угулат. Арийне, кээ бир объектилерде болсо тыптынч, сени эч кандай беймаза кылбайт.

Бул окуя болсо мындан бир топ жыл илгери болгон. Союз жаңыдан чачырап, өлкөбүздө башаламандык өз өкүмүн сүрүп турган маал болчу. Ошондо бир аз убакытка моргго иштеп калгам, күзөтчүлүк кызматта. Албетте, ал жакка жөнөкөй кишилерди эле ала бербейт, набыт болгон адамдардын сөөгүн кайтаруу деле оңой-олтоң жумуш эмес. Күчтүү нерв, жүрөк керек. Мен андайларга башынан эле көнүп калгам. Жаш кезимде же тагыраак айтканда, мектепте окуп жүргөндө караңгыда мүрзөлөрдү деле эч коркпостон аралап өтүп кетчүмүн.

Жанымдагылар чочулап корко беришчү. Ал эми моргдо болсо ар кандай өлүү жандар, ар кандай кырсыкка кабылгандар. Ал жакта узак убакытка жаткандар да болуп калат тааныштары жок, бир туугандары келип дароо эле алып кетишкендер болот.

Арийне, баарыбыз тең оо дүйнөгө кетебиз дечи, бирок ошолордой кырсыктарды, өлүмдөрдү башка бербесин деп Жаратканыбыздан тиленишибиз керек. Моргдо аз убакытка эле иштеп калдым дебедимби, ошондогу бир окуя алигиче эсимден кетпейт. Анда кыш мезгили болчу. Ошол жылы кыш аябагандай катуу суук болгон. Канчалаган гана адамдар көчөлөрдө суукка тоңуп өлүштү. Өзгөчө үй-жайы жок көрүнгөн жерге конуп-түнөп жүргөн адамдарга (бомж) убал болду. Гезиттерде басма сөз массалык маалымат каражатында канчалаган адамдардын суукка тоңуп өлгөндөрү тууралуу жарыяланып турду. Ошондо ар кайсы региондордо, борбор калаабызда күнүнө беш-алтыдан кишилердин суукка тоңуп калгандары тууралуу гезиттерден окуп калчумун. Кыскасы, ошол жылы өтө эле катаал кыш болгон. Ошондо кычыраган кышта өзүмдүн сменамда моргдо күзөттө болчумун. Сыртта суук кычырайт тим эле. Бирок биз отурган жер жылуу, видеокамералар бар, кез-кез кыдырып объектини бир сыйра текшерип, байкоо жүргүзүп коёсуң. Жанымдагы өнөктөшүм экөөбүз алмак-салмак кезек менен бир азга түн ичинде чырм этип алчубуз.

Түнкү саат бир-экилерге чукулдап калган, бир азга эле көзүм илинип кетиптир (балким, узак убакытка болгондур?). Жаныма классташым басып келип жатпайбы. "Сен биякта эмне кылып жүрөсүң?" десем, ал "Ошо, ушундай болуп калды. Андан көрө сен мени куткарып калчы, бул жактан алып кетчи?" деп жалооруп суранып жатты. Аябай жүдөп алган. Кантип куткарам, бул эч мүмкүн эмес. Андан көрө бир туугандарың келип алып кетет" деп, айтор, экөөбүз сүйлөшүп жатыптырбыз. Чочуп ойгонуп кетип эки жагымды карасам, өнөктөшүм бир нерсе менен алектенип отуруптур. Айланамды карасам, эч ким жок экен андан башка. "Түшкө эмнелер гана кирбейт" деп ойлоп койдум. Эки-үч күндөн кийин үйдө уктап жатсам, дал эле ошол түш кайталанып жатпайбы. Кышта кайра-кайра эле түшүмө көп кире берди. Ал классташым калаада жашачу. Аялы менен ажырашып кетип үй-жайы жок, көрүнгөн жерде тентип, көрүнгөн жерге түнөп ушундай жашоосун өткөрүп калган. Биздин үйдө да жарым жылдан ашык жашап кеткен. Союз жаңыдан чачырап жашоо кыйын болуп турган мезгилде аны багуу да кыйын болчу. Анткени ал эч жерде иштечү эмес, уялды окшойт бир күнү кетип калды. Кез-кез "Ош" базарынан, "Аламүдүн", ''Орто-Сай" базарларынан жолугуп калчумун. Акча сураса берип койчумун, өзүмдүн мүмкүнчүлүгүмө жараша.

Анан кийинки күндөрү таптакыр эле анын дайыны чыкпай кеткен. Калаадагы базарларда өз оокатын кылып жүрөт деп ойлоп койчумун. Ар ким өз алапайын таппай турган маалда аны ойлогонго, эстегенге да убактыбыз жок болчу, күнүмдүк жашоо менен алектенип атып...

Кайрадан жадыраган жаз келди. Кыш катуу болгону менен Жаратканыбыз жылуулукту эрте тартуулады. Кант шаары тарапка конокко баратканбыз, "Аламүдүн" базарына бир нерсе алалы деп кирип калганбыз. Ошондо мектепте чогуу окуган бир классташ балама жолугуп калып ал айтып жатпайбы.

-  Орозобек жөнүндө билесиңби эмне болгонун? (Ошол түшүмө кирген классташымдын аты Орозобек болчу). - Жок, эмне болуптур? -  Ушул өткөн кыштагы катуу суукта мас болуп келип, эски автобекеттин отургучуна уктап калып тоңуп өлүп калыптыр. - Койчу..? - Ооба, аны алиги сен кайтарып жүргөн моргго алып барып таштап бир туугандарына кабар кылса, алар келбей коюшуптур.

Сыягы, алар мурун эле катуу урушуп жүрүшсө керек. Болгону бир агасы, анан иниси бар болчу. Ата-энесинин көзү өтүп кеткендерине көп болгон. Бир туугандары андан моюн толгошкон соң, моргдо анын сөөгүн каякка алып кеткени белгисиз. Ошондо түшүмө жөндөн жөн кирбептир да. Моргдон акырын иликтеп, сураштырып да көрдүм, бирок дайыны жок.

Кышында түшүмө киргенде "Мени куткарып кал" деп эле сурана берчү, аны эмнеден куткарарымды өзүм да анча түшүнө берчү эмесмин. Көрсө, "моргдон мени куткарып кал" деп суранчу тура. Анын жайы каякка коюлганы да белгисиз, балким, медакадемияда окугандарга практика кылып анын дене мүчөлөрүн кескилеп салдыбы деп да ойлоп кетем. Кудайым өзүң кечире көр, жаман ойлоп кеткениме. Кайда болсо да жаткан жери жайлуу, ыйманы саламатта болсун. Ошол түшүмдүн маанисин арадан бир топ мезгил өтүп кеткенден кийин толук түшүнбөдүмбү. Мен азыр жөнөкөй эле объектилерди кайтарам, кароолчу болуп иштейм. Калаадагы моргдун жанынан өтүп калганда, ошол классташым эсиме түшө, элеси көзүмө элестей берет. Ичим аябай ачышып кетет, Кудайым өзү кечирсин.

С.Эгембердиев, Бишкек шаары

Булак: "Шамбала"

Последние новости