www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Каныбек агай, 6 жылдан кийин жаңданган Батукаевдин иши боюнча мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева камакка алынды. Аял кишини качып кетет деп кооптонуштубу же чындап эле Батукаевдин чыгышына медиктердин күнөөсү чоңбу?

-- Өтө коркунучтуу күнөөкөр Батукаев Кыргызстандын сот, прокуратура органдарынын абийирлерин айрандай төгүп кетгт! 2013-жылы эле бул шерменде иш ачылганда көпчүлүк жарандар, бул иш чектен чыккан наадандык, бийликтин алсыз жана арсыз саткындыгы катары баа берип коюшкан. Мен анда депутат элем. Ошол кезде кээ бир саясатчылар, чиновниктер Батукаевге адвокат болушуп буттары үзүлгүчө чуркап журүшкөн.

Байкап отуруп мен абдан жийиркендим эле! Ал турсун Баш прокуратуранын башчылары, Омбудсмен, кээ бир жасакер жана алдамчы депутаттар биригип алышып, канкор деп аталган Батукаевге, «азыр эле өлүп калышы мүмкүн, оорусу күч жана аргасыз" - деп көздөрүн жашылдантып ыйлакташкан. Мени таң калтырганы ошол кездеги Саламаттыкты сактоо министри дагы бандитке жан тартып жүргөн. Эми абакка тартылып отурат. Тобоо дейли! Батукаевдин ишинин айынан көптөгөн «азаматттар» дагы камалышы мүмкүн. Анткени, бул жерде эбегейсиз чоң акча пара катары алынганын жаш баладан карыган адамдарга чейин эле айтып жүрүшөт.

Ошондуктан тергөө органдары кылмыш фигуранттары катары аял-эркегине карабай отургуза баштаганы мыйзам ченемдүү эле көрүнүш! Эң башкы күнөөкөрлөр кармалгыча жана аларга айып коюлгуча, врачтардын кээ бирлеринин абакта отургандары деле түшүнүктүү. Биринчи кезекте өзүлөрүнүн эле керт баштарынын коопсуздугу үчүн. Себеби бул жерде эл аралык кылмыштуу синдикат аралашып отурат. Алар күбө боло тургандардын эч кимисин аяшпайт. Ал эми карапайым мекендештер бийликтин бул чечкиндүү аракеттеринен жакшы үмүттөрдү артып турушат.

-- Зарылбек Рысалиев суракта жүрөгү кармап жыгылыптыр деген маалымат кетти. Сурактын сүрү оор болобу?

-- Суракты ар бир адам эле жыргап-куунап көтөрө албайт. Андайды эч кимдин башына салбасын. Анан калса мындай өтө оор айыптар боюнча. Зарылбек Рысалиев мырза анча-мынчага моюн берип мүңкүрөп кала турган жан эмес. Биз ал кишинин кайратын жакшы билебиз. Бирок, жүрөктө дарт болсо, этият болгону оң.

-- Бийликтегилер жанданган Батукаевдин ишин бетине кармап, мурунку бийликтен өч алууну максат кылып жаткан жокпу?

-- Жок! Мен антип ойлобойм. Бийликтин бул кадамын карапайым эл катуу кубаттап эле турушат. Батукаевдин жай баракат чыгып кетиши биринчи кезекте, кыргыз элинин аброюна сокку болду. Кээ бир бийликтеги акчага сатылган акмактардын айынан. Ошондуктан бул иш эртеби-кечпи козгулушу керек эле. Азыр чечкиндүүлүк менен кайра ачылганына баракелде эле дешибиз керек! Саткын паракорлор татыктуу жазаларын алуулары керек. Болбосо эл өзү көтөрүлөт.

-- Батукаевдин иши боюнча дагы кимдер камакка алынышы мүмкүн?

-- Прокуратуранын, соттун, абак кызматынын, медицинанын абийирлерин жоготуп коюшкан өкүлдөрүн толук жазалоо керек! Кийинкилерге сабак болсун!

-- Неге азыркы бийлик жогору жактын куда-сөөк, бажа, тууган туушкандарынан бошобой калды?

-- Тилекке каршы, мурдагы жаман сапаттар дагы эле уланып жаткандай. Айрыкча өкмөттө. Бул жакшылыкка алып келбейт. Тез аранын ичинде тазаланып, алдыга жылуу керек! Болбосо эл өзү тазалап салат. Азыр адамдар көп нерсеге парасаттык менен мамиле кылып калды. Куда-сөөк, бажа-мажа дегендер өзүлөрү саясий башчылыкта турган туугандарын эмнеге мыйзам бузуучулуктарга түртүп жатышат, түшүнбөйсүң! Демек, алардын бир эле ойлору бар экен, да? Бийлик турганда талап-тулап калайлы деген. Андай болсо ошол лидер болуп элдин жүгүн аракалап жаткан туугандарынын түбүнө жетишет!

-- Бажасынын баласын 300 миң сомдук айлыгы бар кызматка койгону үчүн премьер-министр отставкага кетиши керек дегендер четтен чыга баштады го...

-- Эгер айтылган факт далилденсе премьер-минстр токтоосуз отставкага кеткени оң, анын башка жолу жок!

-- Раим миллион Атамбаев менен күрөшкөнгө күчүм жетет дептир. Аша чаап кеткен жокпу?

-- Ал жигит азыр ким өзү? Кандай жооптуу кызматты аркалап турат? Элдин алдында мамлекеттик кандай маанилүү жоопкерчиликти аркалайт? Менимче жообу жок!

Ошондуктан интернет аркылуу экс-президентке тигиндей деп кайрылганы одоно болуп калды. Айрыкча өзүнүн кандай мүмкүнчүлүктөрү бар экенин жар салганы туура эмес. Биз эмне бандиттик өлкөдө жашайбызбы? Бири-бирине болгон дооматтарын элге жарыя кылып, байлыктарын айтып каадаланышпай, экөө тең сотто чечишип алышсын да. Мен ойлойм Президент бул иш боюнча чечкиндүү чара көрүп,мындай жагымсыз ажылдоолорду токтотот деп! Элге тынчтык керек!

-- Түрк элчисинин Муфтият уюштурган ооз ачуудан чыгып кеткени эки элдин мамилесин солгундатып койбойбу?

-- Бул өтө эле жагымсыз жорук болду. Биринчи кезекте, Муфтият тарабынан. ТИМнен жакшылап консультация алганга аларга ким тоскоолдук кылды? Отуз күндүк орозодо КМДБ дагы бир нече ооз ачырууларды уюштураар. Тигилердин элдешкис душман экендигин эске алып, эки башка күндөргө бөлүп чакырса болот эле да. Түркия биздин маанилүү шериктештерибиздин бири. Ушундай сабатсыз кадамдар көп саясий кризистерге алып келип такап койду. Эми Президент өзү баш болуп мамилени кайрадан оңдоп чыгууга же актануу жасоого аргасыз кылып койду! Мунун кимге кереги бар эле, аттиң эле дейсиң!

Булак: "Ачык саясат"

 

Последние новости