www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бир күнү мага байланышып, жардам керек экенин айтты. Мен ушуну эле күтүп тургансып, кубануу менен дароо эле макул болдум. Эмнегедир ал кыз такыр оюман кетпей калды. Күндө телефонуна түрлүү смстерди жөнөтүп турдум… Убакыттын өтүшү менен ал мага смс жазбоомду суранып, бул үчүн жигити экөө урушкандыгын айтты. А бирок, мен аны оңой эле унута албадым. Жубайым да курбусу экөө ошол кыз менен жазышкандарымды окуп коюптур. Үйдө жаңжал чыкты. Мен аялыман кечирим сурабастан “ажырашалы” деп айттым. Бирок ал ыйлап, мени сүйө турганын, кечирерин айтты. Айла жок ошентип урушуп-талашып жатып, акыры аялым менен элдештим. Бирок, берки жаш кызды такыр эле унута албай койдум. Үзүлбөгөн үмүтпү, айтор, 2 жылдан бери ошону эле карап, эмне кылып жүргөнүн билип турам. Жакында эле турмушка чыкканын угуп, башыман муздак суу куюп жибергендей эле болдум. Ага эч нерсе болбогондой, куттукттоо сөздөрүн жаздым. Анткен менен ошол күндөн бери өзүмө келе албай жүрөм. Мындай катуу сүйүп каларымды өзүм деле ойлобоптурмун. Чынын айтсам, кээде туруп, аны өзүмө каратуу үчүн дубалатып алууну да ойлодум. Бирок буга бара албадым. Кийин уксам, ал мага ошол кезде “жигитим бар” деп калп айтыптыр. Ал башка бала менен таанышып, ошого турмушка чыгыптыр. Азыр бактылуу экен. Канчалык аялыма тартылып, тиги кызды унутууга аракет кылдым, бирок, баары бир жүрөктө жашай берет экен. Не кылсам? Ажыраштырып алсамбы?..
Автор: Азиз Бектурганов