www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кыргыз кино кереметинин» негиздөөчүлөрүнүн бири, белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиевдин 80 жылдыгына арналган кинокербен башталат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, кинокербен 1-апрелден тартып республиканын бардык облус борборлорунда жана Бишкек шаарында Ч.Айтматов атындагы Кино үйүндө өз ишин баштайт.

Иш-чара Шамшиев тарткан тасмаларды жана кыргыз киносунун 80 жылдыгына карата кыргыз режиссерлорунун тасмаларын көрсөтүү менен башталат.

Кинокербен ноябрь айында Бишкек шаарында жыйынтыкталат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости