www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шаар ичин аралап жүрүп отуруп мурунку мечиттер турган жерлерде үймөктөлгөн урандыларды же болбосо каалгасын кулпуланган дарбазаларды кездештирүүгө болот. Жума сайын 12.30 жумушун токтотушуп жайнамазын колтука кыса мечитке шашкан мырзалар жок. Ал тургай Кашгардагы эң чоң борбордук мечит Ид-Кахтын эшиктери жабылган, айланасы тосулган, шаар тургундарын бир нече аскер формачандар көзөмөлдөп турат. Мындай көрүнүш 2016-жылдын августунда Пекин Синьцзянга жаңы губернатор Чэн Цюаньгуону Тибеттен түз алып келгенде башталган. Ал кызматка келээри менен жума күнү намаз окууга тыюу салынып, жарандардын ар бир кыймыл-аракети тыкыр көзөмөлгө алына баштаган. Эң коркунучтуусу миңдеген эркектер дайынсыз жоголо баштаган. Муну этникалык уйгурлар Сирияга агылып кетип жатат деп түшүндүргөн бийлик өкүлдөрү.

Синьцзян мусулмандарына Чэн келгенден кийин «терроризм, сепаратизм жана диний экстремизмди» колдоп жатасыңар деген жүйөө менен кысым көрсөтүлүп, 5 миңге чукул мечиттер сүрдүрүлгөн. Мечиттердин ордуна эс алуу бактары, көп кабаттуу үйлөр жана көңүл ачуучу жайлар тургузулган.

Көптөгөн укук коргоочулар менен күбөлөрдүн божомолунда, жоголуп жаткан мусулман жарандары, анын ичинде этникалык уйгурлар жана башка улуттун өкүлдөрү атайын лагерлерде күн кечирүүдө дешет. Аларды диний эктремизм жана терроризмге айыптап, тышкы дүйнө менен байланышын үзүп коюшкан.

Ар бир жаран-аскер

Чэндин саясаты боюнча, терроризмдин алдын алуу үчүн жарандарга «Ас-саляму Аллейкум» деп учурашууга, «Аллах» сөзүн колдонууга тыюу салынган. Мындан сырткары, жарандарга диний аттарды колдонууга, сакал өстүрүүгө, узун дамбалдарды кийүүгө дагы болбойт. Эми намаздын ордуна эртең менен жумуш орундарда, мектептерде желекти жогору көтөрүшөт. Кимде-ким айтылган эрежелерди бузган болсо, ал 1-2 жума камакка алынып, катасын түшүнгөнчө кое берилген эмес. Бирок 1-2 жума убакыттан соң бошотулган. Кийинчерээк ошол камакка түшкөндөр кайра кайтпай, дайынсыз жоголо баштаган. Бул алгач коркунучтуу сезилсе, күн өткөн сайын жоголгондордун санынын өсүшү күнүмдүк иш катары көп деле маани берилбей калган.

Чэн Синьцзяндын тургундарын терроризм менен күрөшүүдө ар бири жардам берүүгө милдеттүү деп эсептейт. Ошондуктан ар бир жаран аскер болуп саналат. Азыр мектеп окуучуларынын формалары камуфляж өңүндө. Кыздарга узун юбка кийүүгө тыюу салынган. Хотандагы базарда сатуучулар бронижелет менен камуфляж формасын, башына каска кийип соода кылышат. Кокустан душмандар пайда боло калышса, согушууга даяр туруу үчүн.

Кошуналар сутка бою бири-бирин аңдып күн өткөрүшөт. Үйгө ким, канча убакытка келди, канча убакыт сүйлөштү, канчада кетти, баары мамлекет тарабынан берилген күндөлүктөргө катталат. Жарандар телефондоруна мамлекет тарабынан иштелип чыккан программаларды көчүрүүгө аргасыз. Ал программалар аркылуу телефон тыңшалат. Эгер кокусунан телефон өчүк болсо, дагы мамлекет шекший баштай. Же болбосо, заводдо орнотулган программаларды телефонго жайгаштыруу дагы күмөн саноону жаратат. Эгер жарандын телефону жок болсо дагы, бул чоң шекти ойготот. Айтор, күн-сайын көзөмөл күчөп, кезеги менен досторуң дайынсыз жоголуп жатат.

Беш убак намазга келсек, азыр эч ким намаз окубайт. Эч ким мечитке даап бара албайт. Ал тургай, кудайдын атын ооздорунан чыгара алышпайт. Көчөлөрдө амандашуу сөзүнүн ордуна «Партияга мактоолор болсун» деген ураанды угууга болот.

Дженнифер Балфур (Бул псевдоним менен жазган айым жакынкы күндөргө чейин Кытайда жашап келген)

Кытайлык Кыргыз бир туугандар үчүн…

Алыскы арман

Салмактуу сырың бардай көзүңдү ала качып,

Каректен тамган жашыл жамгырга аралашып.

Көкүрөк толо күйүт көтөрүп жүрөсүңөр,

Турса да «боорум менин» дилиңди жара басып…

Комуздун мукам үнү эш болуп өрт жаныңа,

Ырдасаң унуң арман төгөрөк төрт жагына.

Кылчактап Ата-Журтту үмүттүү карайсыңар,

Бастырып үзөңгүлөш өмүрдүн өр жагына.

Өксууну сага буйруп, кусанын кучагында,

Мен сени көрүп туруп учам ээ,учамын да.

Эркиндик күндү көксөп, тагдырга тике карап,

Жашайсың каршы сүзүп турмушта түз агымга.

Алыста калкылдаган, үзүлгөн булут сыңар,

Мекенге мээрим күч, каны курчулутсуңар.

Ушул күн өтөөрү чын, утурум айдарымдай,

«Улуулук»ушаланбайт, анткени улуксуңар!

Темирлан Сейитбек уулу

Булак: “Де-Факто”

Последние новости