www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жыйырма алты жылдан бери табыпчылык менен алектенип, тамыр кармап бейтаптарга шыпаа берген Рабия айым менен маек.

- Рабия айым, канча жылдан бери табыпчылык менен алектенип келесиз?

- 1995-жылдан баштап ооруган адамдарды көрө баштадым. Ошондон бери түрдүү оорулууларга шыпаа берип, колдон келишинче сыркоолордун оорудан сакайып кетишине жардам берип келем. Эл көрүп, табыпчылык менен алектенгениме быйыл жыйырма алты жыл болуп калды.

- Кандай оорулууларды көрөсүз?

- Дээрлик бардык оорулардын түрүн көрөм. Айрыкча нерв ооруларын, башкача айтканда чочуп калган болсо, буту-колдору муздап тырышып кара энергия басып калгандарды, төрөбөгөн аялдарды, жаш балдарды, көзүккөндөргө дем салып, айтор, кыргызчылык боюнча тамырдан кармап дартын аныктап, дарылоо курсун жазып берем. Биоток аркылуу оорусуна жараша дарылайм.

- Азыркы тапта сизге кандай оорулуулар көбүрөөк кайрылып жатышат?

- Азыр көбүнчө чочуп калгандар, кырсыкка кабылгандар, бактысыздар, турмуштан кыйналгандар, бакыт издеген кыз-келиндер, балалуу боло албай жаткан үй-бүлөлөр, төрөбөгөн келиндер көбүрөөк кайрылып жатышат. Бардыгына тамыр аркылуу дем салып, дарылап, консультацияларды берем. Чөптөрдү сатып, аны кайнатып ичкиле дебейм, Болгону энергия менен дарылайм.

- Сизге кайрылган адамдардын бардыгынын оорусуна жоопкерчилик аласызбы?

- Албетте, алам. Кыргызчылык менен адамдарды дарылаганыма отуз жылга чукулдап калды. Мына ушул убакыт ичинде бир да бейтап арызданып же оорусу күчөп кеткени болгон эмес. Эл тараза, эл сынчы.

- Бир бейтапты толук айыктыруу үчүн канча күн керектелет жана канча сом аласыз?

- Ар бир оору ар кандай убакытта айыгат. Сеанс боюнча келет кардарлар. Жеңил оорулар болсо үч күндүн ичинде баары жакшы болот. Ал эми баа боюнча кардар көңүлүнөн чыгарып жана сеанс боюнча акы төлөйт.

- Тамырчы же табып десе эле элдин көпчүлүгү көзү ачыктай эле кабыл алып калбадыбы. Сиз буга эмне демекчисиз?

- Мен өзүмдү көзү ачык деп эсептебейм. Элдик медицина, тамыр кармоо бул көзү ачыктык эмес. Чынын айтсам, андайларга эч ишенгим келбейт. Азыркы тапта көзү ачыктар "баарын билем" деп элге туура эмес маалымат бергендиктен табыптардын баркы түшүп, алар менен бизди алмаштырып жатышпайбы. Биз келечекти айтып көзү ачыктык кылбайбыз. Болгону ооруга шыпаа беребиз. Кыргызчылык, элдик медицина илгертеден эле кыргызда болгон. Аны эч ким тана албайт.

- Медицинага көз карашыңыз кандай? Алар менен кызматташасызбы?

- Түз көз караштамын. Медицинанын жардамы менен улуттун саламаттыгы сакталып турат да. Мен эч качан дарыгерге барбагыла деп айтпайм, тескерисинче, дарыгердин жардамына муктаждарды бул жерде мени күтүп отура бербей, дарыгерге бар деп жөнөтөм. Ал эми менин колумдан айыга тургандарга колумдан келген жардамды берип айыктырып жатам. Эгер менин күчүм жетпесе, аларга дароо эле мен жардам бере албайм деп ачык эле жообумду берем, - деп билдирди табып Борбо кызы Рабия айым "Фабула" гезитине берген маегинде.

Байланыш тел: 0779 607 895

Дареги: Рухий Мурас, үй- 259

Баарлашкан Жаркынай КАДЫРКУЛОВА

Булак:NazarNews.kg

 

 

Последние новости