www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбор Азия Орусиянын курамына кириши керек! Бул тууралуу Орусиядагы либералдык-демократиялык партияны жетекчиси Жириновский билдирди.
Ал сөзүндө: “Бул теманы эч нерсе болбогондой чечип, жабуу Орусия үчүн пайдалуу. Биз эч жерде согушкубуз келбейт. Душанбени (Тажикстан) эске албаганда, эгер Борбор Азия чоң жоготууга учураса, алар “Орусияга кошулабыз”, - деп бизге гана жалынып-жалбарышат. Москва мындан ары эч кимге бир рубль дагы бербейт!
Бул аймактар абдан бай (Борбор Азия). Уран, газ, мунайдын эбегейсиз кендери бар. Мөмө-жемиш, коон, жүн, эт, тери көп. Ал элдердин эч кандай тандоосу жок. Же аларды Ооганстандан келген "варварлар" жок кылып жатат.
Эгер биздин курамга кирсе, улуу мамлекеттин бир бөлүгү болуп калышат. А биз аларды кайра эч качан бербейбиз. Орустар түштүк чек аранын баарында азиаттарды баккандан тажады. Ошондуктан биротоло биздин өлкө кылуу керек. Ал аймактарда орус губернаторлору, орус полициясы, орус армиясы, орус прокурорлору болот.
Кимде-ким кандайдыр бир көз карандысыздык туурасында сөз кыла турган болсо, өмүр бою түндүктөгү лагерлерде отурат”, - деп айтты.
Эске салсак, Жириновский Борбор Азиядагы мамлекеттерди Орусиянын курамына кошуу тууралуу пикирин байма-бай айтып келет.
Булак: NazarNews.kg