www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Учурда саясаттын жаман баркы кетип, кадыры түшкөнү да чын. Бакиев тактан кулап, президенттик так талашка 80ден ашык киши кандидатурасын койгондо, алардын катарын толуктап,куудул Борончу мырза да койгону жаамы журтка маалым.
Бир күнү Борончу мырза түш көрөт. Албетте президенттике кандидатурасын койгондон кийин. Түшүндө ушунчалык бийиктикке шаты менен чыгат. Ал жакка чыгыш ушунчалык кыйынчылыкты тартуулайт. Борончу улам бийиктеп жүрүп олтурат. Качан башына жеткени калганда шаты кадимкидей шамалга термелген теректин бутагындай кыймылдап, кыймылдап турганын байкайт. Дагы бир эки тепкич өйдөлөгөндө бир киши жанына пайда болуп:
-Балам, бул жакка келбей эле кой, сен келген бул жак сага ылайыктуу эмес, андан дагы бул жак туруксуз жай. “Шаты менен убара болуп чыгып келген киши көпкө тура албайт” деп айтат. Көрсө чын эле бийликтин бийик секиси туруксуз, келген киши көпкө турбасы да чындык. Андан да ушул эле тепкичке катар азыраак жапысыраак тепкичтин кыймылы абдан катуу экенин да байкап, тиги кишиден сураса, ал тепкич премьер минстрликтин тепкичи экенин айтат. Айткандай эле союз кулап, өз алдынча мамлекет болгону эмне деген гана премьерлер алмашты. Ашып кетсе бир жыл иштеген премьерлердин саны арбын. Бул көргөн түшү Борончу мырзага катуу таасир берип, ошол күнү эле кандидатурасын алып салды.
Ушул эле керек белем, кандидатурасын алганда өзүн ушундай бир жеңил сезип, чоң жүктөн кутулгандай болуптур. Ооба, элдин жүгүн көтөрүү да жөн адамга буйрубайт. Эгер, Борончу президент болуп калган болсо, анда анын куудулдук ордун ким толуктамак эле. Толуктаган бирөө чыккан күндө дагы Борончудай ал өнөрдү алып кете алмак эмес. Андыктан ар ким өзүнүн колунан келген ишке кор болгону эле жакшы эмеспи, колунан келбеген ишке убара болбой. Акчанын күчү менен министр болуп алышып, канчасы ишти алып кете алышпай убара болушту. Бул дагы элге сабак экенин эске алган туура
Укканын жазган Бердикожо Бийназаров, NazarNews.kg