www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Кыргызнефтегаз” деген кара май өндүргөн кирешелүү ишкана бар. 2010-жылдагы революциядан кийин бул ишкананын каймагын калпып алууга кызыкдар болгондордун саны оголе көбөйүп, ишкана жогор жакта олтурган үлкөн саясатчынын капчыгын толтурган булакка айланып, коллективде ырк кетип, жалаң тополоңдун үстүндө жүрүп калган болчу.
Үлкөн адамдын айтканын аткарам деген “Кыргызнефтегаздын” жетекчилери ишканага олчойгон көлөмдөгү зыян алып келген жетекчилери сот жообуна тартылып, темир тордун артында олтуруп да чыгышты. Жети жылдан бери саясаттын чордону болуп, мамлекеттин бюджетине эмес, жеке адамдын капчыгына иштеп келген ишкананын абалы оорлоп, карызга батып калган болчу. Рашит Бостонов өткөн жылы ишканага жетекчи болуп келгенден бери ызы-чуу токтоп, ынтымагы кеткен коллектив бир муштумга түйүлүп, нефти өндүрүү негизги орунга чыгып, иш өз нугуна түшүп олтурат. Жеке адамдын капчыгын толтуруу схемасы токтоп, ишкана карыздарынан толугу менен кутулуп, казынага чоң суммадагы каражат түшүп баштаган.
Бул Рашит Бостоновдун ишбилги жетекчи экенинин далили. Мамлекеттин үлүшү бар ишканалардын ушул жылдын тогуз айынын жыйынтыгын 5-ноябрь күнү Маммүлк карап, Бостонов башкарган “Кыргызнефтегаздын” ишине жогорку баа берилди. Бостоновдун өзүнө болсо мамлекеттик мүлктү сарамжалдуулук менен пайдаланып, экономикага кошкон салымы үчүн орден тапшырылды. Ушундай ишбилги, барган жердин багын ачкан жетекчини бийлик баалап, колунан коко тыйындык иш келбей жаткан жогорку кызматтагылардын биринин ордуна алып келсе иштеп бермек. Бийликтин дагы жүзү жарык болмок.
Булак: "Жаңы Ордо"