www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Британиялык ханзаада Гарри дүйшөмбү күнү кечинде Улуу Британиядан чыгып кетип, жубайы Меган Маркл менен баласы Арчинин аркасынан Канадага учуп кеткенин дүйнөлүк басылмалар жазып чыккан. Көп өтпөй эле Тайланддын жергиликтүү басылмалары ханзаада Гарринин жубай Меган Маркл баласын көтөрүп, эки итин жетелеп бара жаткан жеринде жашыруун тасмага тартып алышкан.
Эске сала кетсек, ханзаада менен жубайы Меган Маркл падыша үй-бүлөсү менен байланыштырган кызматты бошотууну, финансы жактан көз карандысыз болууну жана Канада менен Улуу Британияда жашай тургандыгын кабарлашкан. Букингем хан сарайы аларды падыша титулунан ажыраткан. 18-январда Букингем хан сарайы жубайлар падышалык үй-бүлөнүн келишими боюнча, падышалык милдеттерди аткаруудан бошотулуп, падышалык титулдан ажыратылганын кабарлаган.
Мындан сырткары, жубайлар 2,4 млн фунтту, башкача айтканда алардын үйүн оңдоого мамлекеткеттин казынасынан кеткен каражатты кайтарып беришет жана мындан ары мамлекет тарабынан каржыланбайт. Ошондой эле, герцог жана герцогиня титулдары кала берет. Ханзааданын жана анын жубайынын расмий статусу ушул жылдын жаз айларында күчүнө кирет.
Эске салсак, Британиялык ханзаада Гарри падышалык наамынан ажыратылганына өкүнүп жатканын кайрымдуулук иш-чарада сүйлөп жатып билдирген. Ал эми Меган Марклдын өзүнүн туугандары менен болгон мамилеси убакыт өткөн сайын жакшырган жок. Ал учурда апасы менен гана байланышып турат. Ал эми атасы менен эки жыл мурун ханзаада Гарриге турмушка чыгаардын алдында урушуп кеткен жана ошол бойдон экөөнүн мамилеси суук бойдон калган. Томас Маркл кызы ага көңүл бөлбөй жатканына таарынганын жар салган.
Меган менен Гарри тактыдан жана падышалык милдеттерден баш тарткандан кийин, Томас анын кызы падышанын үй-бүлөсүн бузуп жатат деп айтып чыккан. Ошондой эле, жакында эле берген интервьюсунда ал Меган жана анын күйөсүнөн катуу азап чеккендигин айткан. Ал кызынын үйлөнүү-тоюна катыша албаганына азыркыга чейин кыжаалат болуп жатат. Ал эми, Томас небересин бир да жолу көргөн эмес. 75 жаштагы Томас Маркл пенсионердин жашына келип калгандыктан падышанын үй-бүлөсү ага кам көрүш керек.
“Акыр-аягы алардын бары мага карыз: падышанын үй-бүлөсү карыз, Гарри карыз жана Меган карыз. Мен башыман өткөргөндүгүм үчүн сыйланышым керек. Кызым мен каарыганда мени багам деген. Азыр мен карылыкка жеттим, атасын караганга убакыт келди”,-дейт Томас Маркл.
Кошумчалай кетсек, Ханзааданын жубайы Меган Маркл буга чейин бир нече жолу ички эрежени бузуп, Улуу Британиянын ханышасы Елизавета IIнин кыжырын кайнаткан. Алардын үйлөнүү той күнү ханыша Елизавета IIнин жүзүнөн бир дагы жолу жылмайып турганын көрө алган эмеспиз.
Меган менен Гарри 2018-жылы 19-майда баш кошуп, Арчи аттуу уулдуу болушкан. Алар уулдуу болору менен жергиликтүү журналисттердин бири “уулу маймылга окшош экен” деп жазып чыккан.
Булак: NazarNews.kg