www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БУУнун адам укуктары боюнча эксперттери Иранды аялдарды хижаб кийүүгө милдеттендирген мыйзамга каршы чыккан укук коргоочуларды жана адвокаттарды тезинен бошотууга чакырды.

29-ноябрдагы билдирүүдө алар июнь айында аялдарга башты жана денени жаап жүрүүгө милдеттендирген мыйзамга каршы чыгып, кармалган дарыгер активист Фархад Мейсаминин саламаттыгына тынчсыздануусун билдиришкен. Ачкачылык кармаган Фархад Мейсами азыр ооруканада экени, ага күчтөп дары куюп, азыктандырып жатышканы айтылууда.

БУУнун өкүлдөрү мажбурлап хижаб кийгизүүгө каршы чыгып кармалган укук коргоочу Насрин Сотоудехтин абалына да кабатырлануусун билдиришти. Сентябрда анын жолдошу Реза Хандан да кармалган. Улуттар Уюмунун эксперттери Тегеранды Мейсами, Сотоудех жана Хандандын ишин адилет териштирүүгө чакырууда.

1979-жылдагы ислам революциясынан бери Иранда аялдар шариятта көрсөтүлгөндөй денесин жаап жүрүүгө милдеттүү. Бирок айрым активисттер бул талапты сындап келе жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости