www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тбилисиде  Жөргөмүш адамдын (человек паук) күрмөсүн кийген 4 жаштагы бала 8  - кабаттан кулап кеткендигин “Кавказский узел” сайты жазып чыкты.

8-майда кулаган 4 жаштагы баланы денесиндеги бир канча оор жаракаттары менен Глдани районундагы клиникага  жеткиришкен. Азыр анын абалы турукташып калгандыгын билдиришүүдө.

Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, бала белгилүү каарман Жөргөмүш кишини  туурайм деп секириши мүмкүн.

Ал күнү үйдө бала чоң апасы менен калган. Коңшулар айтмайынча, чоң апа эч нерсени байкаган эмес.

Баланы көп кабаттуу үйдүн алдындагы жүзүм бастырмасы өлүмдөн сактап калган.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости