www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри болуп, Талгарбековдун реформасынан кийин шору шорподой каткан айыл чарбасын оңдойт деген чоңдордун ишеними менен министр болуп Кара-Суунун кадры Чодуев Эркинбек Урайымович кызматка келгенинен бери 7 ай өттү. Бул убакыттын ичинде айыл чарба министрлиги оңолуп өзгөрбөй эле кайра сомдолду окшойт.

Бир жолу дагы ушул министрдин дарегине бир жылуу пикир айтылбай, министрликте ызы-чуудан, калп жазылган каттардан, кырк кызматкерге берилген сөгүштөн жана кызматкерлер менен соттошуудан башка иш аткарылбаганын кыргыз эли көрүп-билип эле турду го дейм. Былтыр дыйкандардын картошкасы арзан болсо. Быйыл ага фасоль, пахта кошулуп арзандап, тескерисинче элге керектүү азык-түлүктөр бүт кымбаттады. Башканы айтпай эле койсок, бир айдын ичинде ундун баасы эле 20-25 ке чейин кымбаттады. Министрликте ушул кыска убакыттын ичинде бир алгылыктуу иш болбой, эл арасында, прессада, Өкмөттө жана Жогорку Кеңеште министр Э.Чодуев бир жылуу сөз укканын көрө албадык. Тескерисинче министрликтен Суу чарба департаменти жана Жер боюнча "Гипрозем" институту бөлүнүп, ансыз деле жер карап турган министрлик айыл чарбасынын негизи болгон айыл чарба жерлери жана суу ресурстары боюнча иш алып бара албаса, эмне деген айыл чарба саясатын жүргүзүп, эмне иш алып барат деген ой жаралат.

Ушул маселелер боюнча биз Э.Чодуевдин чыркырап талашканын же маселе койгонун көрө алган жокпуз. Көрсө улуу урматтуу министрдин 7 айдын ичинде айыл чарба тармагы боюнча аткарган башка иштери бар экен. Биз бүгүн ошол иштери жөнүндө кеп салгыбыз келет. Чу дегенде эле министрликтин жанына менин кызматтык унаамдан башка кирбесин деп, баасы өтө кымбат жүздөгөн миң сомдук автоматтык дарбаза койдуруп элдин жолун тосуп, башкалардын унааларына кирүүгө тыюу салды. Министрликтин ичине бейчеки адам кирбесин деп, электрондук турникет коюп, анча-мынча арыз-муң менен келгендер кире албай жалдырап турушат. Мынчалык каражат коротуп, ансыз деле киши кирбей калган министрликти ого бетер жалдыратып койду. Беш жыл министрдин орун басары болуп өзү тейлеп келген кайра иштетүү, экспортко чыгаруу, тышкы соода иштерин, тамак-аш коопсуздугу сыяктуу иштерди аткара албай дыйкандардын миңдеген тонна картошкасын, сарымсагын чиритип, мурунку министрге коңултак кара көлөч кийгизгенин эл унутту деп ойлоду окшойт, 40 райондун айыл чарба башкармалыктарынын директорлорун күнөөлүү кылып, аларга сөгүш жарыялап, колунда бийлиги же элге бере турган каражаты, укугу жок 40 адиске сөгүш берип, өзүнүн биттүү кара чапанын аларга жаба салды. Былтыркы картошка азабына элди түздөн-түз туш кылган, жооп бере турган, ошол тармакка 5 жыл түздөн-түз жетекчилик кылган Э.Чодуев суудан кургак чыгып кетеби? Быйыл кызылча айдаган дыйкандар жайлата өндүргөн продукциясын кант заводдоруна өткөрүүгө келгенде өткөрүү шарттары бир күндө өзгөрүп, ала турган 40% акчасы 28%ке түшүп калды. Министр тарабынан бул маселе чечилбей, эмнегедир "бармак басты, көз кысты" болуп, жымжырт болуп, ал эми дыйкандарыбыз кыйналып турган кези. Министр кант заводдорунун жетекчилери менен жолугуштум дегени менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы же чечимдер жөнүндө кабар жок. Ал эми ундун кескин кымбатташы жөнүндө бир дагы мониторинг же анализ жок. Башка айыл чарба продукциялары жөнүндө айтпай эле коёлу. Оштогу пахта иштетүүчү заводдор да быйыл пахтанын кабыл алуу баасын былтыркыдан кескин азайтты. Урматтуу министрибиз башканы коёлу, ушул өзүнүн да олуттуу тиешеси бар рынокто пахта баасын былтыркы деңгээлде кармап берсе дыйкандарыбыз ыраазы болбойт беле. Кармап бермек түгүл пахта сатып алуучулардан 1,5 млн. долларын алып алып, пахтасын бербей соттошуп, үстүнөн тергөө иштери жүрүп жатканы республикага маалым.

Министр өзү ушул иштерге барса, Кыргызстанга кайсы сатып алуучу же инвестор келет же иши тергөөдөгү жогорку кызматтагы чиновниктин эмне үчүн министрликте жетекчи болуп жүргөнү Кыргыз Республикасынын Президентин жана Өкмөт башчысын кызыктырбайбы? "Ат көрбөгөн минип өлтүрөт" дегендей, Эркинбек Урайымович беш жыл бою министрдин орун басары болуп жүргөндө министрликтин коллективине, адистерине тишин кайрап жүргөн окшойт. Ушул кыска аралыктын ичинде министрликте сөгүш албаган киши калган жок. Алды 1-2, арты 2-3 жолу сөгүш алып, бири-бирине көрсөтмө, кызматтык кат, актылар жазылып, айтор министрликтин ичи ызы-чуу эле болуп жатып калды. Көп адамды кызматтан мыйзамсыз айдап, алар өз укуктарын сот аркылуу коргоп, соттун чечими менен өз кызматтарына кайра келип жатышат. Бир эле мисал Айыл чарба өсүмдүктөрүн сертификациялоо департаментинин директорунун орун басары Малабаевди кызматтан айдап, ордуна өз кишисин коё койду эле, сот аркылуу кызматына кайра келип, министрликтен бош жүргөндөгү айлыгына, моралдык жабыркагандыгы үчүн компенсациясын кошуп жүздөгөн миң сом өндүрүү жагы милдеттендирилди. Мындай фактылар ондоп саналып, кайра эле министрликтин бюджетинен жүз миңдеген сомдору желге учуп кете береби? Эртең менен жумушка келгенде каттоо, кайра кеткенде каттоо, жумуш менен башка жакка барсаң каттоо, коридорго чыксаң каттоо, иши кылып адистердин эмне кылаарын билбей баштары маң. Анысы аз келгенсип, министр мырза видеокамераларды кечке өзү карап, кайсы адис коридорго канча жолу чыкты, кимдерге кирди деп жыйналыштарда кимдин канча жолу камеранын жанынан өткөнүн жатка айтып берүүдө. Мисалы бир адис бир күндө 10 жолу камеранын алдынан өткөн экен, чоң жыйналышта министр тарабынан аты айтылды. Муну уккандар ажатканага баргандан коркуп, кабинеттен башын чыгара албай кыйналып жатышат. Министрдин керээли-кечке камера тиктеп, коридордо баскан элди санагандан башка жумушу жокпу? Кызматтык сапарларга (командировкага) чыккандарды текшертип, кеткен чыгымдарды жана жыйынтыктарын текшертти эле, министрлик боюнча рекорд коюп, эң көп командировкага чыккан өзү, Э.Чодуев экен. Мисал үчүн 2018-жылы эле 710 миң сом коротуп, иш сапарларга чыгыптыр. Ал эми башка жылдары да ушул көлөмдөй жана мындан да көп каражаттарды алган. Ал эми беш жыл ичиндеги миллиондогон сомдорду коротуп, иш сапарларынан республиканын айыл чарбасына алып келген пайдасы көрүнбөйт. Андан көрө эч жакка чыкпай эле койсо, ушул миллиондогон акчалар бюджетте калбайт беле? 5 жылда алганы 4,5 млн. сомдон ашык экен. Бул ишсапарларына кеткен каражаттар эч нерсе эмес, мени өкмөт же министр жиберген деп кутулат болуш керек. Мамлекеттик кызматтагы иштөө жылдарын туура эмес санатып, жүздөгөн миң сомдорду 2015-жылдан бери ашык алып келе жатыптыр. Мисалы 2017-жылы министрликтин ички аудит секторунун текшерүүсүнүн негизинде Э.Чодуевге бир жылдын ичинде 53590 сомдун мыйзамсыз төлөнгөнү аныкталып, министрдин №432, 25-декабрь 2017-жылдагы буйругу менен каражатты кайтаруу статс-катчы М.Ташболотовго милдеттендирилген. Бирок бул буйрук статс-катчы тарабынан аткарылбастан, Э.Чодуев министр болгондон кийин ички аудит секторунун башчысы Б.Кайымов кызматтан айдалды. Э.Чодуевдин мындай мыйзамсыз айлыгын көбөйтүп алуу фактылары Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын аудиторлору текшергенде да чыккан жана актыларында көрсөтүлсө дагы кайра бюджетке кайтарылган эмес. Мисал үчүн 2017-жылдын жыйынтыгын текшерүү актысында көрсөтүлүп турса да бир сом дагы Э.Чодуев тарабынан кайтарылган эмес. Кытай Эл Республикасы менен эл аралык жаңжал чыгарган министрдин жалган орун басары жалган справка чыры жүрүп-жүрүп басылды окшойт, Генералдык прокуратуранын текшерүүсү жана Кыргыз Өкмөтүнө берилген сунушунан кабар жок. Жалган справканы бердирген жана кол койгон министрдин орун басары А.Исаев суудан кургак чыгып, билгениңерди кылгыла дегендей түр көрсөтсө, министр Э.Чодуев болсо экономика министри деле ошентип жатпайбы, мени эле көрүп калдыңарбы деп, кайра маалымат каражаттарына дооматын артып жүрөт. Ушундан кийин биздин министр Өкмөттүн жыйындарына кантип барып, коллегаларынын жүзүн кантип карайт деп карапайым адистери уялып жүрүшөт. Өзгөчө коллективди, элди күйгүзгөнү - өзү иштеген кыска убакыттын ичинде министрликтин борбордук аппаратынын структурасын 3 жолу өзгөртүп түзүп, өзүнүн көздөй адистерине улам бир функционалдык жактан кереги жок бөлүмдөрдү түзүп берип башчы кылып дайындап, аппаратта кимди-ким көрдү, ким эмнеге жооп берээрин билбей, даана чалмакей өкүм сүрүүдө. Мындан сырткары илимий даражасы бар, тажрыйбалуу адистерди жумуштан кетирип, ордуна бир күн да же кесиби менен, же мамлекеттик кызматта иштебегендер коюла баштады. Кадрдык башаламандык өкүм сүрүп, Асыл тукум мал чарбасы, жайыт департаментинин жетекчиси Б.Мамыткановду кызматка алып жатканда анын маалымат каражаттарына берген интервьюсу боюнча аны алдап алдын ала арыз жаздырып алып, кийин анын командировкада жүргөндүгүнө карабастан премьер-министрдин буйругун чыгартып кызматтан кетирди деген маалымат тарап жатат. Бул иш албетте сотко чейин жетип чечилет болуш керек деп ойлойбуз, бирок урматтуу министр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башчысын дагы ыңгайсыз абалга коюп коюшу мүмкүн. Ал эми Б.Мамыткановдун балык чарбасы боюнча орун басары Р.Машаев дагы жыл башынан бери Э.Чодуев тарабынан жок жеринен куугунтукталып, 2018-жылы сатылбай калган картошка үчүн күнөөлөнүп, жүз күндүн ичинде 2-3 жолу сөгүш алып кызматтан куулгандыгын айтып, сот органдарына кайрылаарын маалымат каражаттары аркылуу билдирүүдө.

Кадрларды, эмгек коллективин мынча кор кармаган жетекчинин кой-ай дегенге жарабаган, 2016-жылы жана 2017-жылы эмгек коллективинин жана мамлекеттик кадр кызматынын сыноосунда эки жыл бою "2" деген баа алган министрликтин статс-катчысы М.Ташболотовду пайдаланып, Э.Чодуев билгенин жасап жатканы калайыкка белгилүү болуп жатат. Эки жыл бою республика боюнча статс-катчыларынын арасында эки жолу иши канааттандырбайт деген М.Ташболотов болсо эптеп министрдин этегин кармап күн өткөрүп жатканын Мамлекеттик кадр кызматы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү көрбөйт деп айтуу кыйын го дейм, туугандар. Республиканын жетекчилерине иштеп жаткандай түр көрсөтүп, жагыныш үчүн ар кайсы ишканага, дыйкан чарбасына барып алар менен сүрөткө түшүп, күндүр-түндүр интернетке, социалдык тармактарга чыгарып, "Фейсбукчу пиар-министр" деген атка конду. 2919-жыл айыл чарбасы үчүн климаттык оор, ысык аптаптуу жыл болуп, жаан-чачын болбогондугуна карабастан Кыргыз Өкмөтү тарабынан айыл чарба продукциясын өндүрүүнү, өстүрүүнү 104 га жеткиресиң деген тапшырма алдым деп, райондук айыл чарба башкармалыктарынын жетекчилерин коллегия сайын карап, кырк кишиге берилген сөгүштөн кийин дагы 10-15 кишиге катуу сөгүш берилип, алды 2-3 башкармалыктын башчыларына кысым жасалып, кызматтан кетүүгө мажбурланууда. Азыркы рынок шарттарында мындай кошуп жазуулар, жалган маалыматтар кимге керек? Же болбосо быйылкы жылдагыдай катаал жылда айыл чарбасы 104 пайызга өстү дегенге кимди ишендиребиз деп аракет кылып жатат? Урматтуу президент, урматтуу премьер-министр! Айыл чарба министрлигин 7 айда сомдогон мындай баалуу, чыгаан министрди шору каткан айыл чарбасына эле коюп койбой, башка министрликтерге которуп пайдалансаңар мамлекет бат эле оңолчудай. Өзгөчө чек ара кызматына койсоңор, бат эле республиканын чегин сак кайтарып, кирип-чыккандардын эсебин алып, видеокамерадан карап өзү эле тартипке салчудай деген ой.

Булак: “Фабула”

Последние новости