www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 млрд. 530 млн. долларга жетти. Бул тууралуу Финансы министлигинин 31-октябрга карата берген отчетуна таянып, жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Жалпы карыз 4 млрд. 530 млн ду түзсө, мунун ичинен 3 млрд. 793 млн. доллар тышкы карыз.  Ал эми 737 млн. доллар ички карызды түзөт.

Белгилей кетсек, сырттан алынган карыздын эң көбү Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынан («Эксимбанк») алынган. Маалыматка караганда, Кыргызстан «Эксимбанкка» 1,7 млрд. доллар карыз.

Эске салсак, ушул жылдын октябрында мамлекеттин тышкы жана ички карызын төлөөгө республикалык бюджеттен 34, 55 млн. доллар бөлүнүп берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости