www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чиновник делгендердин мушташы интернет айдыңында кызуу талкууда.  Видео Тelegramдын jexennews каналына чыккан. Видеонун астына жазылгандай Алматы облусуна караштуу Жамбыл районунун Жер мамилелеринин жана архитектура бөлүмүнүн кызматкерлери. Белгилүү болгондой, мушташтын катышуучуларынын арасында райондук акимдин орун басары да бар.

Казак маалымат булактарынын маалыматына ылайык, облустук акимияттан аталган факт боюнча атайын комиссия түзүлдү. Учурда интернет айдыңында тарап кеткен материалдарды карап жатат. Эгер мушташкандардын арасында чиновниктер бар деген факт тастыкталса атайын чаралар көрүлөт, жумуштан да алынышы мүмкүн.

“Азыр бул фактты чындык деп же жалган деп четка кага албайбыз. Облустун акими буга чейин акимдин алдындагы ведомствонун мамлекетик кызматкерлерине жаңы жылдык корпоратив өткөрүүгө тыюу салган”,-деп акимияттын басма сөз кызматы билдирген.

Маалым болгондой кадрларда чындыгында эле Алматы облусуна караштуу Жамбыл районунун акимдин орун басары бар болчу.

Окуя акимдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, “Белые розы” ресторанында болгон.

“Бул корпоратив эмес болчу. Акимдин орун басары 25-декабрда саат 00:30да ресторанга келген. Ошол убакта ал менен дагы бир башка кардардын ортосунда пикир келишпестик болуп, андан ары уруп, согуулар менен уланып кеткен. Учурда акимдин орун басарынан түшүндүрмө алынды”,- деп акимдин пресс катчысы Галмурат Жукел билдирген.

Ал буга чейин Жамбыл районунун акимиятына корпоратив өткөрүүгө тыюу салынганын кошумчалады.

Ошондой эле ресторандын администрациясы ошол күнү акимият корпоратив өткөрбөгөндүгүн маалымдашкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости