www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чоң энесине бычак сайып качып кетти делген шектүү кармалды. Бул тууралуу, Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда,  Ош облусунун Өзгөн районунда чоң энесин бычак менен сайып, качып кеткенге шектелген 22 жаштагы небере кармалып, Өзгөн РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 

Эске салсак,  Ж.Э. аттуу жаран Орусиядан 2019-жылы 9-декабрь күнү келип, Өзгөн шаарындагы үйүнө 11-декабрдан 12-декабрына караган түнү барып, акчасы жок экендигин туугандарына айткан.  Шектүү 12-декабрь күнү саат 10:00 чамасында чоң энесинин үйүн тинтип баштайт. Аны көргөн чоң эне эмне издеп жатканын сураганда Орусияда кумар оюнун ойноп, карыз болуп калганын айтып, акча талап кылган. Бирок чоң эне акча жоктугун айткан учурда капысынан шектүү бычак менен сайып жиберген. Кийин шектүү изин суутуп качып кеткен. 

Учурда тергөө иштери жүрүп, баш коргоо чарасы каралууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости