www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай жараны, уйгур тектүү Айеркен Саймаити жакында Түркияда атылып өлтүрүлдү. Анын ысымы алгачкы жолу “Азаттыктын” Кыргызстандан 700 миллион доллар чыгарылып кеткен изилдөөсүндө айтылган. Андан сырткары, ал “Алдамчылык” иши боюнча айыпкер катары өтүп, ага байланыштуу укук коргоо органдары ага издөө жарыялашкан.

Алардын бири 2014-жылы Ош аэропортундагы ишкерлердин көп суммадагы акчасын карактоо иши.

Эске салсак, анда Ош аэропортунун VIP-залына белгисиз куралчан адамдар кирип, өздөрүн “Спецназдын” кызматкерлерибиз деп тааныштырып, «Асман-Тур» фирмасынын директорун колундагы беш баштыгы менен белгисиз жерге алып кетишкен. Кийин Ош облусунун ИИББ ал баштыкта 5 миллион 679 миң доллар болгондугун аныктаган.

Бирок, бир убакытта кыргыз коомчулугунда Ош аэропортундагы карактоого учурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулаймановдун тиешеси бар болушу мүмкүн деген божомолдор айтылып жүргөн. Анда аны эч ким ачыктан ачык координатор деп айыптаган эмес. 2014-жылы Сулайманов депутат болгон. Органдын картотекасында “Челюсть” каймана аты менен таанымал криминалдык авторитет катары өткөн. Анан калса 2015-жылга белгиленген парламенттик шайлоого кошумча каражат абадай керек болгон.

Ал карактоодон кийин эле интернетте Алтынбек Сулайманов кызыктуу бир адамдардын коштоосунда Араб Эмиратындагы яхтанын ичинде жыргап, “кайф” кармаган видеосу жарык көргөн. Бул “көңүлдүү кечеде” аны коштогондордун бири самбо боюнча спорт чебери Замир Сыргабаев. Бул дагы милициянын картотекасында Кызыл-Кыя ОПГнын лидери катары каттоодо турган.

Айрым божомолдор боюнча бул эс алууда алар дал ушул Ош аэропортунда ийгиликтүү аяктаган карактоону “жууп” жатышкан.

Белгилей кетсек, Айеркен Саймаити, Дүйшөн Төрөкулов жана Алтынбек Сулайманов Ош шаарында көп жылдар бою бирге иштешкен. “Азаттыктын” чуулгандуу иликтөөсүндө эмнегедир Саймаитинин бизнес-өнөктөштөрү тууралуу кеп козголгон эмес. Анын авторлору бул фактыны билген эмес же болбосо атайылап эле публикага чыгарган эмес. Бирок факт факт бойдон калат.

Бул чуулгандуу окуя, бизнес-өнөктөштүк, табышмактуу байланыштар тууралуу маалыматтар тарагандан кийин журналисттердин калың тобу аты аталган Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов менен байланышууга аракет кылып жатышат. Бирок андан эч бир майнап чыга элек. Анын чөнтөк телефонун улам эле бир келин алып “уже достали” деп тим болот. Ал эми бизге жеткен айрым маалыматтар боюнча, “эл өкүлү” Алтынбек Сулайманов учурда Америка Кошмо Штаттарында экен. Чөнтөк телефонун өзү албай жаткандыгы ошондон болсо керек дедик. Антели десек АКШда интернет жапырт өчүп, Сулайманов маалыматтан сыртта калганбы? -  деп “сарсанаа” болуп жатабыз. Болбосо өлкөдөгү миңдеп саналган журналисттердин бирине байланышка чыгып, мессенджер же болбосо вотсаптан жөнөтүлгөн суроолорго жооп узатып коет эле го ботом. Эмнеси болсо дагы башы аман болсун. АКШда интернет жок болсо Кыргызстанга келгенде интернеттеги видеотасмаларын жана сүрөттөрүн көрүп бир солк этээр.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости