www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Менин окуу жайларда сабак берип иштегениме 5 жыл болду. Мен КТРКда иштеп жүргөндө эле атайын саат алып университеттерде сабак берип иштечүмүн. Кийин негизги ишимден кеткенден кийин убактым көбүрөөк болуп учурда Кыргыз улуттук университетинде штаттык негизде, ал эми Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство жана маданият университети менен Кыргыз-Түрк "Манас" Эл аралык университетинде штаттан тышкары иштеп жатам.

"Сүйлөө техникасы" сабагынан бергендиктен алгач сабакты сүйлөө органдарынан баштайбыз. Бул предмет биология сабагына да окшоп кетет. Кээде сүйлөө органдарына көнүгүү жасап жатышып айрым окуучуларым бири-бирин карап каткырып күлүп жиберген учурлар болот. Белгилүү адамдын мугалим болуп иштегенинин күңгөй-тескейи бар.

Жакшысы - белгилүү адамдын сабак бергени студенттерди тартат деп уктум, телевидениеде иштеп, тажрыйба топтогон адамдан көп эле студенттер бир нерсе үйрөнгүсү келсе керек. Ал эми экинчи тарабы - белгилүү адамга ошончолук талап жогору болот экен. Азыркы мезгилде мурункудай эптеп эле баа алсам экен деген студент жок, дайыма сурап-билип, талап коюп турушат. Сессияда студенттерди кыйнай бербейм, баа үчүн акча албайм, бирок, бааны да жөн эле коё бербейм. Жок дегенде мен берген сабакты үстүртөн билиши керек. 

Лунара Бекиева

Булак: "Леди кж"

Последние новости