www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Кыргызстан менен Тажикстан сүйлѳшүү жүргүзүү үчүн ЖККУ аянтча боло алат", - деди бүгүн, 7-майда NazarNews маалымат агенттигине эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул.

--"Кыргыз-тажик чек ара маселеси сүйлѳшүү жолу менен гана чечилиши керек. Дүйнѳлүк практикада чек ара маселелери жабык эшик артында талкууланып келет, анткени бардык тараптар үчүн талылуу кѳйгѳй. Дагы да эл аралык практикага таянсак чек ара маселеси сүйлѳшүү жана согуш жолу менен чечилет. Согуш жолу менен чечилген кейстер да бар. Бул талашып жаткан тараптардын бардыгына пайдасыз, жоготуулар, адам өмүрүн алууга, ашыкча чыгымга алып келет.

Кыргыз-тажик чек ара маселеси сүйлѳшүү жолу менен гана чечилиши керек, бизге согуш жолу туура келбейт. Сүйлѳшүү жүргүзүү үчүн Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюму аянтча болушу керек", - дейт серепчи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости