www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

16-ноябрда тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Тажикстандын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Сухроб Ходжа Олимзоданы кабыл алды.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар кыргыз-тажик мамилелеринин эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин, мамлекет башчыларынын деңгээлинде өткөн жолугушуулардын жана сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну, атап айтканда, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүү процессинин динамикасын тездетүү зарылчылыгын талкуулашты. «Чек ара жанындагы кызматташтыкты бекемдөө, негативдүү көрүнүштөрдү болтурбоо боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүү маселелерине өзүнчө көңүл бурулду. Элчи С.Олимзода биргелешкен жемиштүү өз ара аракеттенүү үчүн ыраазычылык билдирип, эки тараптуу мамилелерди кеңейтүүгө түрткү берүү үчүн пландалып жаткан иш-чаралар жөнүндө маалымдады», - деп айтылат маалыматта.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости