www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков БУУнун Башкы Ассамблеясынын 74-сессиясында орус тилинде доклад жасагандан кийин социалдык тармактарда мактоого алынды.
Андан көп өтпөй эле дагы бирлери “биздин Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков БУУнун Башкы Ассамблеясында орус тилинде докладын суфлер менен окуду” деп чыгышты.
Ошентип социалдык тармактарда жакшы жагыбызды араң жазган, кыргыздар бири-бирин колдой албаган шилтемелер көбөйүп, ар ким өз кызыкчылыгын ойлогон, “фейктердин” жүрүшү старт алды.
Кыргызстан эгемендик алган жылдардан бери башаламандык, бири-бирин жаманатты кылуу күчөдү. Жазылган мыйзамдар бар менен жоктун ортосунда. Алсак, ушул мезгилге чейин 2500дөн ашуун мыйзам, 15 миңден ашуун өкмөттүн токтомдору, 33 миң ченемдик-укуктук актылар кабыл алынган, бирок мындан натыйжа жок. Башкасын айтпаганда, мыйзам жазгандар өздөрүнүн мыйзамын өздөрү түшүнбөйт.
Кыргыз коомун бекемдөө үчүн кыргыз элинин салттары менен жашап, башка калктардын мыкты сапаттарын үйрөнсөк жакшы болот беле? Кытайдын ойчулу айткандай, “Элди мыйзам менен башкарсаң кылмыштуулук көбөйөт, салт менен башкарсаң адептүүлүк күчөйт” дегени бар.
Чын эле салт менен башкарып көрсөк кандай болот? Акыркы жылдары көпчүлүк тартиптен чыгып бара жаткан жокпу? Анткени, элибиз демократияга таянып бири-бирибизди сыйлаганды түбөлүк унутуп бара жаткандайбыз. ДЕМОкратия - бул келечекти жоготуунун урааны! Бул сөздү акылдуу душмандар чыгарып койгон - акмактар ишке ашырат!
Булак: NazarNews.kg