www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

—Жаңы кодекстер боюнча эмне айтасыз? Азыр шашылыш оңдоп жатышат. Канчалык деңгээлде талапка ылайык оңолот деп ойлойсуз?

—Албетте, Жаңы кодексте оркойгон кемчиликтер бар экени көрүнүп калды. Бирок жалпысынан алып караганда – бул сот-укуктук реформанын жүрүшүндөгү бир көрүнүшү катары бааласак болот. Эмнеге дегенде мыйзамдарды өзгөртпөй туруп реформаны жүргүзүү мүмкүн эмес. Чоң топ көп убакыттын ичинде жазган мыйзамдардагы алешемдиктерге коомчулук терс баасын берип жатканына да негиздер бар. Маселен, бир катар оор кылмыштарды гумандаштыруу, ошол эле педофилдердин жазасын жеңилдетүү сыяктуу, же болбосо түкүрүктү алалы. Түкүргөн адамга 5500 сом, ал эми кимдир бирөөнүн жерин басып алсаң ага 1000 сом деген жаза элди өзгөчө кыжырдантып койду. Негизинен мыйзам күчүнө кирип иштеп жатканы менен, аны иштете турган адамдардын баары коомдун реакциясын көрүп деле чочулап турушат. Негизи кээ бир көрүнүштөр “лоббинин” таасиринде да болуп жатат. Бирок элдин таасиринен улам “лобби” кылгандар да сестенип калды. Биз Жаңы кодекстерди оңдоого 1-мартка чейин убакыт бердик. Мен талапка ылайык оңдоп келишерине ишенем.

—Эми мындай “кашаны чалгандар” жооп береби? Ким жооп берет?

—Мен жыйындарда бул чоң маселеге кайдыгер карагандар жооп бериши керек экенин айткам. Керек болсо мыйзамдын бетин ачып карабагандар жооп бериши керек. Бул мыйзамды негизинен укук коргоо органдары колдонушат да. Ошолорду убагында окутуп, тиешелүү иштер жасалышы керек болчу да. Тилекке каршы, андай иштер жасалбай калганы байкалып турат. Негизи аларды бөлүнгөн акчанын эсебинен окутуш керек. Мен бул чоң маселеге кайдыгер карагандарга чара көрүлүш керек деген сунуш кылып, токтом киргиздим. Эми ошол биздин токтомдун аткарылышын тиешелүү комитет көзөмөлдөйт. 1- мартта биз мунун баарын сурайбыз.

—Атамбаев президент болуп турганда Евросоюздан жалпысынан 50 миллион евро алып келип, анын 13 миллион 600 миң евросу биздин Кылмыш жаза кодексти гумандаштырууга берилген экен. Муну эми “лобби”, же соодалашуу десек болот да. Атамбаев ошол учурда фракция лидерлери аркылуу Жаңы кодексти тез ишке ашырууга аракет кылганы чынбы?

—Мен антип айта албайм. Ачык айтайын. Бул 2013-жылы башталган. Сот-укук маселесин реформа кылууга акча табылгандан кийин жаңылбасам, 114 адамдан турган чоң топ түзүлгөн. Ал топко: Скрипкина, Токто-гул Туманов, Курманбек Осмонов, Курмантай Абдиев сыяктуу мурунку депутаттар жана башка илимдин докторлору, профессорлор кирген. Бир топ талкуулар жүргөн. Мен ошол учурда фракциянын жетекчиси катары Скрипкинадан да, Тумановдон да сурап, маалымат алып турчумун. Алар жакшы талкуу болуп, талаш-тартыштар, салыштыруулар көп болуп жатканын айтышчу. Кыскасы, ошол учурда кыйла эле талкуу болгон. Бирок кабыл алууга келгенде бир топ өзгөртүүлөргө туш болуп калганы кийин көрүнүп калды да. Жалпысынан алганда биздин ишенген, кыйын деген аттуу-баштуу илимпоз, эксперттерибиз деле кээде иштин майын чыгарып иштей албайт турбайбы деген да ойду пайда кылып жатат да.

—“Мактаган кыз тойдо осурат”- дегендейби?

—Андай болушу да мүмкүн.

—Максатсыз пайдаланылды деген 13 миллион 600 миң евро боюнча тиешелүү адамдар жоопко тартыларына ишенесизби? Же башкача өңүт менен кетип “жабылуу аяк жабылуу бойдон калабы?”

—Албетте, бул маселе боюнча талаптар айтылган, биз эми жообун күтүп жатабыз. Өкмөт башчы жазуу түрүндө бере турганын билдирген. Ал маселе ачыкка чыкпаса, коомчулук да журналисттер да тынчыбай калды. Ошондуктан баары ачыкка чыгат деп азырынча ишенип турабыз.

—Коррупцияга каршы күрөш купулуңузга толуп жатабы?

—Акыркы жылдары коррупцияны ачык айтып, ачык мактангандар азайып, дээрлик жоголду. Мындайча айтканда, андайлар болсо да беттерине маска кийе башташты. Мурун коррупция менен алек болгондор таасирлүү тааныштарына таянып келсе, азыр андай көрүнүш жокко эсе болуп баратат. Себеби, коррупция менен кармалса жаза катуу болорун түшүнүп калышты. Кыскасы, коррупцияга каршы күрөш ушундай темп менен кете берсе, жыйынтык жакшы болоруна ишеним бар.

—Аз күн мурун сиз мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин быйыл белгилене турган 100 жылдык мааракесин эске салып, анын ысымын буга чейин айтылган Киев көчөсүнөн тышкары, кичи мекени Нарын шаарында Ленин деп аталып келген борбордук көчөгө ыйгаруу демилгесин көтөрдүңүз. Эми бул маселе ишке ашабы? Деги эле айтылуу мамлекеттик ишмердин мааракеси кандай деңгээлде белгилениши керек?

—Мына өткөн жылы биз кыргыз мамлекетин дүйнөгө тааныткан Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесин татыктуу белгиледик. Быйыл болсо кыргыз мамлекетин түптөөгө зор салымын кошкон Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесин да талапка ылайык белгилөө маселеси биз үчүн парз. Мамлекет Усубалиевге өзүнүн толук баасын берип бүтө элек. Анын жалпы өлкө үчүн жасап кеткен опол тоодой эмгектерин унутпай, байма-бай эскерип, муундан-муунга даңазалап турушубуз керек. Мен мамлекеттик ишмердин ысымын көчөгө ыйгаруу маселесин айтып чыккандан кийин, дароо эле кызыктай кырдаал жаралып, айрымдар саясатташтырып жиберишти. Эмне үчүн демократтар коммунисттерге жан тартып жатат дегендер болду. Кандай болгон учурда да мен өз пикиримде кала берем, Усубалиевди дайым эскерип туруу, анын ысымын түбөлүк калтыруу маселеси биз үчүн парз. Кудай буйруса, биз айткан жана башкалар айткан сунуштардын баары чечилет деген ойдомун. Биз Усубалиевдин жасаган эмгегине жараша татыктуу баа берип, татыктуу сыйлай алсак, кийинки муундарга да үлгү көрсөткөн болобуз. Кыскасы, Турдакун Усубалиевдин мааракеси татыктуу белгилениши керек. Мисалы, мамлекеттик атайын комиссия түзүлүп, ал комиссияны жетектеген адам жок эле дегенде өкмөт башчысы болушу керек. Мен да андай иш-чараларга тыгыз катышкым келет. Бир сөз менен айтканда, баарыбыз колдон келген мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша мамлекеттик ишмердин мааракесин өтө жогорку деңгээлде белгилешибиз керек!

—Эми жеке өзүңүздүн позицияңыз тууралуу сүйлөшөлү. Ушул тапта КСДП дегендердин 90 пайыздан ашыгы Атамбаевди айланып өтүп, Жээнбеков тарапка ооп кеткенин көрүп турабыз. Сиз кайсыл тараптасыз?

—Саясатка аралашканыма 9 жыл болду. 9 жылдан бери өзүмдүн белгилүү позициям бар. Ал позиция убагында Атамбаевдин саясаты менен дал келген. Фракциянын лидерлигинен кийин, спикер болдум. Бирок спикерлик кызматта турганда позициям бийликке жакпай калды. Ошон үчүн чечим кабыл алып, башка жол менен кеттим. Себеби, менин башка көз карашым бар болчу. Ал көз карашты шайлоонун учурунда коомчулук укту, көрдү. Мен азыр ошол эле көз карашта калдым. Мындайча айтканда, орток позициядамын десем болот.

—Акыркы жолу Атамбаев менен качан жолуктуңуз?

—Январда жолуктум.

—Кандай маселени талкууга алдыңыздар? Ачыктай аласызбы?

—Жалпылап айтканда пикир алыштык десем болот.

—Жээнбеков менен качан жолуктуңуз?

—Өткөн жылдын ноябрь айында жолуктум.

—6-апрелде КСДП курултай өткөргөнү жатат. Барасызбы?

—Азырынча чакырыла элекмин. Эми ага чейин убакыт көп да. Чакыруу түшсө да көрөбүз да. Аз күн мурун мага: “ эски, илгерки СДПКчыларбыз” – дегендер келип кетишти. Алар дагы позицияларын айтышты. Мага кызыктуу боло баштады. Дагы көрөлүчү, ким эмне дейт экен. Андан кийин анан чечимибизди кабыл алабыз.

—Демек, сиз “Эски дос эстен кетпейт” – деген кепке басым жасап тургандайсыз…

—Андай деле мааниде эмес. Мен өзүмдүн түз позициямда калдым. Эгер менин позициям кимиси менен жакындашса, ошого жараша иш болот да…

Айбек Шамшыкеев

Булак: "Багыт"

Последние новости