www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Барган сайын Атамбаев менен бийликтин тиреши күчөп бараткандай. Бул жагы маалыматтык согуштун чыңалуусунан байкалууда. Эгер Акүйдө алдыны көрө билген кеңешчилер болгондо, экс-президентке карата атаканы токтотуп, ага көңүл бурбай коюуну айтмак. Бул утуштун жолу. А канчалык Атамбаевге карата маалыматтык чабуул күчөсө, саясый кырдаал татаалдаша берет. Мындай күрөш ал үчүн пайдалуу. Бийликтин эң башкы максаты – өлкөдөгү стабилдүүлүктү камсыздоо болушу керек.

Акүйдүн политтехнологдору Атамбаевди жок адам катары эле санашып, ага тийишпей коюшса, аарынын уюгу тынч жатмак да. Ансыз да бийликтин алдында көйгөйлөр арбын. Экономикалык, социалдык абалыбыз оор шартта, кадр саясаты бир калыпка түшө элек, өкмөт өчөйгөн боюнча бир ордунда турат ж.б.

ындай шартта элдин ишенимин актоо, алдыга умтулуу гана керек. Ал эми кылдан кыйкым издөө «Форумдагылар» үчүн майдай жага турганы, тирешүүнүн аягы чыр-чатактар менен кооптуу көрүнүштү жаратып коюшу ажеп эмес.

Кубат Карачев

Булак: "Азия ньюс"

Последние новости