www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жапон өкмөтү коронавирустун жаңы штаммынын - "омикрондун" айынан дагы үч африкалык өлкөгө кирүүгө чектөө киргизүүнү чечти. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Малави, Замбия жана Мозамбик үчүн кирүү чектөөлөрү киргизилүүдө. Бул өлкөлөрдөн келген бардык зыяратчылар атайын бөлүнгөн жерлерде 10 күндүк карантинден өтүшү керек.

Эске салсак, жума күнү Эсватини (Свазиленд), Зимбабве, Лесото, Намибия, Ботсванадан киргендер үчүн чектөөлөр киргизилген.

Бүткүл дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму жума күнкү чукул жыйындан кийин Түштүк Африкада табылган коронавирустун жаңы вариантын кооптонууну жаратуучу катары классификациялоону чечти. Жаңы штамм - B.1.1.529 - ДССУ тарабынан грек тамгасы omicron менен аталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости