www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өткөндө кесиптешим Аскер Сакыбаева бир чоң маселени козгоду. Ушу тапта бир топ байлар парламенттик шайлоого аттанып жатканын мисал келтирип, алардын элге берген жардамы менен мыйзам жазуу иши таптакыр эки башка нерсе экенин эске салды. Менимче Аскер ошол макаласы менен Кыргызстандын саясатындагы мындан да чоң маселенин башын ачып алды окшойт.
Ал — парламенттин функциясын жалпы эле кыргыз шайлоочуларынын көбү туура эмес түшүнгөнү. Чындап келсе бул маселе 30 жылдан бери чечилбей келатат. 30 жылдан бери элибиз парламент депутатынын чыныгы милдетин түшүнө элек.
"Бизге эмне кылып берет?» (же асфальт төшөп, кашаа сырдаган партиялар менен талапкерлер)
30 жылдан бери бир мандаттуу округдардан чыккан талапкерлер болобу, партиялар болобу, аларды көп шайлоочулар жергиликтүү гана маселени чечип берчү күч катары көрүшөт. Бул өзү совет мезгилинде "шайлоочунун наказы" деген ат менен белгилүү чакан эле принцип эле. Кийин таптакыр эле баарынын ордун басып алды. Буга чейинки шайлоолордо аты чыккан эле партиялар уялбай-этпей эле короолорду сырдап, асфальт төшөп, көпүрө салуу аркылуу элдин көңүлүн алууга аракет кылганын көрдүк. Көпүрө салып, асфальт төшөп берип жаткан партия деген абсурд Кыргызстанда гана бар. Киши укпасын десек ошонусу менен мактанып атышат.
Азыр деле элге жардам бергендер же бермекчи болгондор Жогорку Кеңешке бараткан чагы. Ошолордун бир топтору шайланаары да чын. Эл да "биздин айылга (районго, округга) эмне кылып коюптур" деп дагы эле ошону негизги чен-өлчөм кылып жатат. Бул эң чоң жаңылыштык.
Булак: Жаңы Ордо гезити