www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израилдик окумуштуулар радиотолкундар менен коронавирусту эки секундда жок кыла турган ыкма тапканын айтып чыгышты. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКларга шилтеме берип "Известия" жазат. Маалыматка караганда, сөз болуп жаткан толкун медицинада буга чейин деле колдонулуп келген. Дарыгерлер аны рак клеткаларына каршы күрөшүүдө пайдаланат.

"Ариэль университетинин адистери радиотолкундар коронавируска кандай таасир этээрин иликтеген. Жыйынтыгында 10 миллиметрлик толкундар COVID-19ду эки секунд ичинде жок кылаары белгилүү болду", — деп айтылат билдирүүдө.

Бирок окумуштуулар радиотолкундар вирусту бөлмөнүн ичинде, буюм-тайымдын үстүндө жок кылуу үчүн гана колдонууну көздөп жатышат. Анткени бул толкундар адамдын организмине дагы терс таасир тийгизиши мүмкүн.

Адистер азыр имараттын ичинде вирустарды жок кылуу үчүн ультракызгылт-көк нурлары колдонулуп келгенин айтат. Анткен менен, лампалар бир нече мүнөт, айрым учурда бир саатка чейин иштеп турушу керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости