www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талапкерлерге карата ачылган кылмыш иштеринде алар күнөөлүү экени аныкталса, шайлоодон утуп келсе да, аларга мандат берилбейт. Бул туурасында БШКнын мүчөсү, Ыкчам чара көрүү координациялык тобунун жетекчиси Тынчтык Шайназаров билдирди.

Анын айтымында, учурда шайлоо мыйзамын бузуу боюнча 15 кылмыш иши катталып, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

"Добуш берүү бүткөндөн 20 күндөн өткөндөн кийин БШК шайлоонун расмий жыйынтыгын чыгарат. Ал аралыкта укук коргоо органдары кайсы бир талапкер мыйзам бузганы аныкталганы тууралуу толук маалымат берсе, биз анын каттоосун алып салабыз. Ага берилген добуштар да жокко чыгарылып, мандат берилбейт. Буга мыйзам жол берет, бизде мүмкүнчүлүк бар", — деди Шайназаров.

Мындан улам, БШКнын мүчөсү партияларга жана талапкерлерге кайрылып, бүгүнкү жооптуу күндө так жана мыйзам чегинде иш алып баруу керектигин эскертти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости