www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Бишкек шаарындагы №1214 шайлоо тилкесинде добуш берди. Ал бул ирет шайлоо салыштырмалуу таза, адилет өтүп жатканын билдирди. Буга 2011-жылы өлкөдө реформаланган шайлоо системасы өбөлгө болгонун айтты.
"Шайлоо системасы реформаланып, "Акылдуу урналар коюлду". Албетте, муну чет элдик жана КМШ өлкөлөрүнүн байкоочулары жогору баалап жатат. Бирок, коррупция шайлоо тилкелеринен көчөгө чыкты. Добуш сатып алуулар дагы деле болууда. Мунун жыйынтыгын былтыркы парламенттик шайлоодо көрдүк.
Сатып алуулар бир күндө эле дароо токтоп калбайт. Ошондуктан, шайлоо кынтыксыз, сатып алуулары жок болду деп айтуу кыйын. Шайлоо кампанияларында акчанын орду мурункудай эле чоң", - деди ал.
Бүгүн, 28-ноябрда өтүп жаткан парламенттик шайлоодо 21 партиядан 1004 талапкер ат салышууда. Алардын 54тү депутат болуп келет. Ал эми бир мандаттуу округдардан катышып жаткан 282 талапкердин 36сына мандат берилет. Жалпысынан Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат.
Булак: NazarNews.kg