www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаныбек Абиров Свердлов районунда иш кеӊешин өткөрдү

Жолугушууда канализация маселеси жана жолдорду оӊдоо боюнча талкуу болду.
14-декабрда Бишкек шаардык кеӊештин төрагасы Жаныбек Абиров Свердлов районунун Осмонкул жана Суворов көчөлөрүнүн тургундары менен жолукту.
Жолугушууга Бишкек шаарынын вице мэри Бакыт Дүйшөнбиев, Свердлов районунун башчысы Самарбек Болотбеков жана Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүм башчылары катышты.
Тургундар Бишкек шаардык кеӊештин төрагасынын кабылдамасында айтылган маселелерди көтөрүштү. Негизинен канализациялык жана суу тармактары, жолдун оӊдолушу, таштандылардын контейнеринин ордун алмаштыруу маселелери каралды.
Жолугушуунун жыйынтыгында БШКнын төрагасы Жаныбек Абиров тургундар көтөргөн маселелерди чечүү боюнча тийиштүү тапшырмаларды берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости