www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Херсон облусунун жетекчилиги Орусиянын президенти Владимир Путинге аны Орусиянын курамына киргизүү чакырыгы менен кайрылууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу Аскердик-жарандык администрациянын башчысынын орун басары Кирилл Стремусо билдиргенин «КоммерсантЪ» жазды.
Анын айтымында, Херсон бул - Орусия, ошондуктан анын аймагында элдик республика түзүү боюнча референдум болбойт.
«Крымда мыйзамдуу түрдө өткөн референдумду дүйнөлүк коомчулук кабыл алган жок, ал Орусияны дүйнөлүк коомчулуктун толук кандуу субъектиси катары кабыл албоо үчүн бардыгын жасады.
Ошондуктан, бул Херсон облусунун жетекчилигинин Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылуусунун негизинде бир эле жарлык болот, Херсон облусун Россия Федерациясынын толук кандуу субъектисине киргизүү өтүнүчү болот», - деди Стремоусов.
Булак: NazarNews.kg