www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Белгилүү журналист Дайыр Орунбеков мурдагы Президент Алмазбек Атамбаевдин доорундагы эң көп запкы жеген журналисттердин бири. Бирок, ал Рамазан айынын шарапаты менен, кичи пейилдүүлүк кылып, Алмазбек Шаршеновичтен социалдык тармак аркылуу кечирим сурады.
"Кудай үчүн кечиришкиле!"-деп аалымдар көп айтат. Кечиримдүүлүк адамгерчиликтин эң туу чокусу. Экс-президент Алмазбек Шаршенович өзү убагында куугунтук кылып, сотко берген журналисттерден кези келгенде кечирим сурайм деп айтыптыр. Рамазан - бул кечиримдүүлүктүн айы. Убакыт учкан куш, ал эми биздин жаныбыз Кудайдын аманаты. Жаман жоруктар, күнөөлөр үчүн кечирим суроо эч качан кечикпеши керек. Кечирим сураганга жетишпей калышыбыз дагы мүмкүн, себеби бизди эмнелер күтүп жатканын көрө албайбыз. Алмазбек Шаршенович, мен сизди Улуу Рамазан айында кечирдим, биз пенделер Жараткандын алдында алсызбыз. Мен да сизден көңүлүңүздү оорутсам, кечирим сурайм, - деди Дайырбек Орунбеков.
Булак: "NazarNews.kg"