www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто 8 айлык баланын тамагына 3 сомдук  тыйын тыгылып калып, аны дарыгерлер операциясыз  алып чыгышты. Бул тууралуу дарыгер Арстанбек Карыбеков билдирди.

Маалыматка караганда, окуя  2-январь күнү болгон. Саат 20:50лөр чамасында Чоң Алай районуна  караштуу Карамык айылынын жашоочусу сегиз айлык уулун  ооруканага алып келген. Бөбөк чөнтөктөн түшүп калган тыйынды жутуп алып, ал кызыл өңгөчүнө тыгылып калган.  Ал эми дарыгерлер операциясыз үч сомдукту алып чыгышкан.

Учурда баланын абалы жакшы, ал үйүнө чыгарылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости