www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биздин каржылык агымыбызда негизги шарттардын бири-бул акча тууралуу позитивдүү ой жүгүртүү болуп эсептелет.

Бир ирет троллейбуста кетип бараткам. Кондуктор жаныма келип "Сиздин билетиңиз барбы?",-деп сурап калды. Акча төлөп билет алдым. Кондуктор жанымдагы катарлаш турган бала жетелеген адамга кайрылды эле, ал: "Менин акчам жок",-деген жоопту узатты. Бул окуя кеч кирип калганда болгон эле, күн бою иштеген кондуктор катуу чарчаганбы, ашыкча сөз короткусу келбегендей кол шилтеп коюп кетип калды. Баласы атасынан сурап жатат: "Ата, ушинтип койсо болобу?". Тигил адам утушка ээ болгондой үн менен жооп узатты: "Ооба,мен дайыма ушинтип коюп жүрө берем".

Бул эмнени билдирет? Демек, күнүнө үч-төрт жолу бул адам бардык жерде "Менин акчам жок",-деп жар салып жүрдү. Күнүнө үч-төрт жолу өзүндө акча болбой турган энергияны жыйнап алды. Бул энергия жетиштүү түрдө көп чогулган учурда ал адам акча төлөнбөгөн жумуш табат, же капчыгын жоготот, же акчасын уурдатат, болбосо карызга белчесинен батат... Кандай болгон күндө да ал адамда акча болбойт, анткени ал ар бир күнү ушул энергияны өзүнүн ою менен багыттап жатпайбы. Ал эми белгилүү болгондой ой өз учурунда ойлонгон, айтылган даражага жеткирет.

Көп адамдар "Менде акча жок" деген сөздү көп айтышат.

Бирок андан да жан кейиткен окуялар болот. Бир жолу дагы бир тарапка сапар алып калдым. Таксиге жаңы гана отурган учурда таксинин айдоочусуна цыган аял келип: "Кел, мен сага төлгө ачып берейин",-деп кайрылды. Айдоочу: "Турчу ары, менде акча жок",-деген орой жообун узатты. Цыган аял ары кетип калды. Биз сапарыбызды уладык, мен айдоочуга кайрылып: "Билесизби, мен бир жерден окуган элем, эгер акчам жок деп айтсаң чындап эле сенде акча болбойт экен",-дедим. Ал мени карап: "Менде акча жок болот, же акча таптакыр болбойт",-деди. Ал тамашаладым деп ойлоду. Бирок ал чындыгында өзүнө акча жок, же акча таптакыр болбойт деген энергиянын бир бөлүгүн сиңирип алды. Аягында менин билишимче ал такси айдап жан баккан айдоочунун машинасы талкаланып, таптакыр акчасы жок отуруп калган. Мындай нерсе менен тамашалашуунун кажети жок. Аны менен катар эле позитивдүү окуялар да эске түшөт. Бир ирет бир жерде лекция окуп чыгып келе жатсам жаныма бир аял келип калды. Ал өз башынан өткөн окуяны айтып берүүнү каалаган экен. Ал жумуштан кайтып үйүнө жаңы эле кирсе кошунасы эшигин кагып "Сенде акча барбы?",-деп сурайт. Карызга алып тургусу келген окшойт. Анын чөнтөгү бош болуп, акчасы чындап эле жок экен. Эмне дээрин билбей калат. Анын үстүнө акча жок дегенди оозанбаганга аракет кылгыла деген кепти жаңы гана эшиткендиктен эмне дээрин билбей: "Бир аз күтө тур, азыр акча да эшик кагып кирип келип калат..."',-деп тамашалап коёт. Кошунасы анын жообуна тушүнбөй ийин кушуруп коюп кетип калат. Эки саатка жетпей эле ойдо жок жерден "кошумча жумуш чыгып калды",- деп күйөөсү үйүнө акча алып келип калыптыр...

Биз биринчи туура кадамды жасаарыбыз менен жаратылыш биздин туура жолдо баратканыбызга ишенимдүү болушубуз үчүн бизге жыйынтыгын аванс катары берет. Негизи эле акча жөнүндө тескери ойлор кайдан келет? Байкап көрсөк биз тарбияланган үй-бүлөдөн келет экен. Кыязы, ар дайым " Биз эч качан байыбайбыз, биздин өлкөдө баюу мүмкүнчүлүгү жок", "Акча кыйынчылык менен табылат", "Акча-бул арам" деген сыяктуу сөздөргө кулагыбыз көнүп калган. Муну миң ирет уккандыктан, бизге жат болуп бүткөн. Бул сөздү оозубуз менен айтпаган күндө да бир аз акча тартыштыгы болуп калса ушул нерселерди ойлогонго жетишебиз. Ал эми биз ой жүгүрткөн учурда терс энергиялар акырындап топтоло баштайт. Анда эмне кылыш керек? Ойдун башкача формасын ойлоп табыш керекпи? Албетте, болгондо да позитивдүү ойлорду жыйнашыбыз керек.

Мисалы: - Мен акчаны жакшы көрөм, акча менин жашоомо оңой эле кирип келет.

- Мен акчаны жакшы көрөм, дайыма мага канча керек болсо ошончо иштеп таба алам.

- Мен акчаны оңой эле иштеп табам жана аны өзүм канааттангандай жумшайм. Ушул нерселерди ар дайым ойлоп жүрсөк ал биздин ой жүгүртүүбүзгө акырындап сиңе баштайт. Качан гана бул энергия жетиштүү топтолуп, сезимибиз муну экинчи программа катарында сезе баштаганда ал автоматтуу түрдө бала кезибизден жат болуп калган негативдүү программаны иштеп чыгууну токтотот. Акча жөнүндө ойлоно турган жагдай болуп калганда ой менен сезим бири-бирине суроо-жооп узатыша баштаганда сезимибизге сиңип калган: "Акча менин жашоомо оңой эле кирет" деген ой жаралып, ошол позитивдүү ой баарын жеңип, акчанын дайыма бизде болушуна шарт түзүп бере баштайт. Жыйынтыгында биз качан гана позитивдүү ойлоно баштаганда аягында ийгиликтүү жыйынтык бере турган позитивдүү ой формасына энергияны топтой баштайбыз. Кийинки биздин каржылык агымыбызга жардам бере турган нерсе-бул бизде акча дайыма болот деген ишеним. Көп учурда адамдар менде акча болбойт деген коркунуч менен жашашат. Мунун жыйынтыгы эмнеге алып келет деп ойлойсуздар? Аларды чындап эле акчанын болбой калуу коркунучуна алып келээри анык. Алты жыл мурун муну мен өзүмдүн башыман өткөргөм. Июль айында чоң суммадагы акча таптым. Август айында балдарды мектепке даярдап, кийим-кече, окуу куралдарын сатып беришим керек эле. Эмнегедир мага бир ой келип, "бул айда жакшы таптым, балким кийинки айда акча болбой калса кантем. Андан көрө бул акчаны эч нерсеге коротпой катып турайын, балдардын мектебине керек болот",-деп ойлоп койдум. Август айы келди, үч ирет катары менен семинар өткөрүп, биринчиси банкка акча которулбай жатканын айтса, дагы бири бирөө берем деген акчасын кечиктирип жатканын, үчүнчүсү бир аз күн күтө туруумду айтышты. Ошондо келе жатып ойлондум: "Мына, кокус акча болбой калсачы деп ойлондум эле, акча болбой калды" деп. Эмне болду? Ойдун энергиясына кошулуп коркунучтун энергиясы терс ой формасын күчтөп, акча келүүсүн өтө тез токтотту. Мындай каржылык кризистен кантип чыгуу керек? Акча баардык учурда болооруна ишениш керек... Ошого жараша кадам да жасалышы керек. Сенде акча бар болсо балдардын мектебине кийим-кечеги менен окуу куралдарын сатып берүүгө эмне тоскоол кылып жатат? Коркунуч, чочулоодон башка эч нерсе тоскоолдук кылган жок. Бул чочулоону текшерүүгө алып керектүү нерсенин баарын сатып ал. Балдарга эмне керек болсо баарын алып үйгө эми гана жеткенде телефонум шыңгырайт. Алсам: "Сизге акча карыз эмес белек, келип алып кетиңиз",-деди. Кудайга шүгүр дедим. Акчасы жок калам деген коркунуч-акчанын бизге келишин токтото турган негизги себептердин бири болуп эсептелет. Акча дайыма болот деген ишеним акчанын кирешесин күчтөйт. Адам эмне жөнүндө ойлосо аны ой формасына багыттай турганын жогоруда белгилеп кетпедикпи. Эгер адам ага кошумча чочулап, корко турган болсо энергия эки эсе чоңоёт: акыл-эстин энергиясы жана коркунуч энергиясы кошулат. Абал дагы ылдамдап ишке аша баштайт. Менин бир таанышым айтат: "Бул нерсе боюнча тажрыйба жүргүзүп көргөм. Үч жаштагы кызым экөөбүз үйдө калдык, жолдошум чет өлкөгө иштегени кеткен. Болгону менде 200 сом гана калды, жолдошум дагы төрт күндөн кийин акча салмак. Колдогу акчаны төрт күнгө бөлсөм нанга, сүткө жетмек, "Жараткан кантип эле кызым экөөбүздү ырыскысыз калтырып койсун",-деп кызымды жетелеп алып дүкөнгө бардым да жегибиз келген ар кандай таттууларды алып үйгө келдик. Кенен-кесири курсак тойгуздук. Эртең менен ойгонгондо чөнтөгүмдө сокур тыйын жок болчу. "Бир жолу табылаар",-деп ойлоп койдум. Кызымды бала бакчага жеткирип иштерим менен бир жакка барып келе коёюн десем жол кирелик тыйыным жок. Кокустан эжемди жолуктуруп калып, андан жолго жетээрлик тыйын алдым. Эки саат өтпөй үйгө келип эшиктин астынан кошунамды кезиктирип калдым. "Мен сизден өткөндө 200 сом албадым беле, берейин деп келгем",-дейт. Кубанып кеттим. Кызымды бакчадан алгандан кийин да каалаган нерсебизди сатып алып курсак тойгуздук. Эртеси дем алыш болчу. Эртең менен турдук, чөнтөгүм тешик. Эмне болоор экен дегенимче курбум келип калды. Ар кандай таттууларды, колбаса, сыр көтөрүп алыптыр. Таңкы ашыбыз да керемет болду. Түшкө маал жолдошум акча салып жиберди. Ал биздин акчабыз жок экенин, менин тажрыйба жүргүзүп жатканымды кайдан билсин, ой формуласы таасир берди го деп ойлоп калдым",-дейт.

Колдо бар акчаны учурунда керектүү нерсеге жумшап туруу да жакшы. Болбосо, акча чогула берсин деп аны бекем катып кийнкисин күтө бергенде акчанын агымы токтоп калат. Табигат бизге бир каалоону аткарганга бир ирет акча берет. Айрым адамдар "на чёрный день" деп акча катып коюшат. Ал ошол ой менен чогулган акча болгондуктан акыры ал күн да келет. Эгер андай ой болбосо "кара күн" башка түшпөйт. Акча"-;+" белгилери менен жашайт. Акчаны коротуу потенциалдуу энергияны талап кылат. Эгер дарыланам деп акча топтосоңуз ал акча дарыланууга жумшалат, көйнөк алам деп кыялдансаңыз жаңы көйнөккө ээ болосуз. Акчаны кандай ой менен чогултсаңар акча ошондой жыйынтык берет. Эгер акчаны коркунуч менен чогултсаңыз, анда аны ошол коркунучка коротуп аласыз. Акчаны дарылануу үчүн чогултуунун кажети жок-ден соолукту чыңдоо үчүн топтоо керек. Акчаны бактысыз учур үчүн эмес, тагдырдын сюрпризи үчүн чогултууга болот. Акчаны карылык үчүн эмес, 60 жаштан кийин саякаттап эс алуу үчүн топтоңуз.

Даярдаган: А.КАДЫРОВА

Булак: “Шамбала”

Последние новости