www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мына сага жаңылык! Америкалык миллиардер, ойлоп табуучу инженер Илон Маск менен 31 жаштагы канадалык ырчы Граймс ымыркай күтүп жатканы белгилүү болду. Бул азырынча ырчынын Инстаграммга жүктөгөн сүрөтүнөн улам көпчүлүк божомолдоп жатышат.

Сүрөттөгү Граймстын курсагын байкагандар аларга куттук айтканга дагы жетишишти. Бирок ырчы айым эч бир комментарийге жооп кайтарган эмес. Мунун бир себеби - бул эки түгөй кыз-жигит мамилесин ачыкташа электигинде болсо керек. Ошентсе дагы алардын жакындыгы көптөн бери көпчүлүк арасын аралап келе жатат. 

Ал эми Илон Масктын 8 жыл бирге түтүн булатышкан жубайы Жюстин Маск экөөнүн ортосунда 5 уулу бар.

Байлардын, жылдыздардын турмуш жаңыртуусу катардагы эле көрүнүш. Бирок ошол эле учурда баары бар болгону менен балдары бактылуубу? Кандай болгон күнү дагы миллиардер Маск экономикага гана эмес, америкалыктардын санынын өсүшүнө дагы өз салымын кошуп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости