www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламенттин депутаты Дастан Бекешев өлкөдө бала асырап алуунун жол-жобосун жеңилдетүү керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал ЖКнын бүгүн, 2-июндагы жыйынында билдирди.

Депутаттын айтымында, учурда каалоочулар шарттардын таттаалдыгынан балдар үйүнөн бала багып алуудан баш тартууда.

“Тилекке каршы бала асырап алуу абдан таттаал. Аны биздин жарандарга жеңил кылышыбыз керек. Бала, кыз багып алууну каалагандар көп. Бирок, шарттарынын татаал жана узактыгынан баш тартып жатышат”, - деди депутат.

Ошондой эле, эл өкүлү ата-энеси таштап кеткен балдарды каалоочу жарандарга асыроого берүүнү туура деп эсептейт.

Бала багып алгысы келгендер бул процедура жеңил эмес экенин, толгон-токой документ топтоп, жылдап кезек күтүү зарыл экенин айтып келишет. Адистер муну бала сатууга жол ачкан факторлордун бири катары баалашат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости