www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 25-декабрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйыны өтүүдө. Анда "Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралууда.

Бул долбоордун автору депутат Дастан Бекешев чет мамлекеттерден Кыргыз өлкөсүнө көптөгөн жарандар келип жатканын айтты.

"Сырттан келген жарандарга 60 күндүк визасыз режимди киргизип берсек туристтердин саны көбөйүп, өлкөнүн бюджетине каражат түшөт. Бул виза режимин 2030-жылга чейин киргизүүнү сунуштап жатабыз. Учурда Кыргыз мамлекетине 45 өлкө визасыз режимде кирип чыгат. Дагы 10 мамлекет кошулат. Тактап айтканда, Румыния, Болгария, Кипр, Чили, Аргентина, Черногория, Андорра, Бразилия, Сан-Мариного 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү сунуштап жатам", - деди эл өкүлү.

Депутат Руслан Казакбаев визасыз режимди Кыргыз мамлекетине да пайда алып келгидей кылып киргизүү керектигин айтты. "Биздин дагы кызыкчылыкты эске алуу керек. 10 мамлекетке биздин жарандар дагы визасыз режимде кирип чыгуусу зарыл. Ошондуктан эки жактуу келишим түзүүнү эске алгыла", - деди Казакбаев. Булак: NazarNews.kg

Последние новости