www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
—Дастан мырза, Батукаевдин иши боюнча дарыгерлер камалды. «Чабактар» кармалып, «киттер» эркиндикте жүрө береби?
—Ооба, байкуш врачтарды кармашты. Барыбызга белгилүү, ал иште саясий күчтөрдүн кызыкчылыгы болгон. Буйрук бергендер ошол учурда бийликте отурушкан. Албетте, врачтарды суракка алып, кимдер тапшырма бергенин сураш керек. Алар бир топ маалыматты билет. Акча менен бүтүргөн болсо, анысын тактоо зарыл. Бирок чынында буйрук бергендер бийликте болгон. Башкы прокурорго суроо менен кайрылгам, алар дүжүр сөздөрү менен «текшерип жатабыз, карап жатабыз» деп кутулду.
—Зарылбек Расалиев менен Аида Салянованын күнөөсү барбы?
—Укук коргоо органдары аны чыгарып, аэропортко чейин коштоп келип узатканы факты да. Ким ошол жерге узатып барганы видео тасмаларга түшкөн. Депутаттык комиссия текшерген маалда алардын баары алынган. Жаза аткаруу органдын жетекчилери ошол жерде болгон. Эгерде алардын баарын өчүрүп жоготпосо, азыр деле көрсө болот.
Булак: Де-факто