www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
— Акаев “Кумтөрдөн” пара алды деген көрсөтмө буларга эмнеге керек болуп калды?
— Мен дагы алгач түшүнгөн жокмун. Ар бир 20 күндө “Мүмкүн эстегендирсиз? Жазып бербейсизби?” деп сурашат. Кийин түшүндүм. Акаев “Азаттыкка” маек берип, жазуучулардын 50 миллион рубль акчасын Атамбаев жеп койгон. Ал убакта бул чоң акча эле” деп айтканына жооп берүү максат менен далилдүү каяша таба албай кыйналышат. Анан Фарид Ниязов “Сарыгуловго бир нече иш козгоп, камап, кыйнасак аргасыздан Акаев “Кумтөрдөн” баланча миллион пара алган” деп жазып берет” дейт. Акаевге өзүң миллиондоп пара алгансың, мына Сарыгулов көрсөтмө жазып берди деп шерменде кылып, оозун жабабыз дешип, атайын кутум иштин планын ойлоп чыгышат. Бул план боюнча Баш прокурор Жолдубаева Хоменюкка кат жиберет “Сарыгулов Кыргызалтынды жетектеп турганда кандай иштештиңер эле?” деп. Хоменюк жалпы маалымат берет. Анын жообу 6-июнь күнү келет, 12-июнда Хоменюк көрсөтмө берди деп элге жалган маалымат таратып, мени камашат.13-июнь күнү Атамбаев Жолдубаеваны кабыл алат, “Хоменюктан көрсөтмө келиптир, катуу текшерип, жоопко тарткыла!” деген буйрук берет. Бул жолугууну КТР жалпы элге бир нече жолу кайталап көрсөтөт, ошону менен эл “Сарыгулов паракор, акмак турбайбы…” деп ишенип калат.
— Катуу ооруп жүргөнүңүздү, 70 жылдык мааракеңизге 7 күн калганын билип туруп, ушундай ишке барганы акылга сыйбайт го? Алланы оозунан түшүрбөй, намаз окуган адам кантип мындай ыплас ишке барды? Сизди камагандан кийин Тышкы иштер министрлигинде иштеп, аттестацияда эң жогорку балл алган кызыңызды кыйнап туруп арыз жаздырып, иштен айдашканы чынбы?
— Чын. Атаң камалды. Бизде иштегенге сага болбойт деп айлыгын, отпускной акчасын бербей, мыйзамдарды тебелеп, кызматтан кетиришти. Алланы оозунан түшүрбөгөн кишинин эң жакын, ишенген адамдары канча жүз миллион доллар акча уурдап жегени бүгүн ачыкка чыгып, эл билип калды го… Элдин билбегени андан да көп болушу мүмкүн. Анткени, жакын жанжөөкөрлөрүнүн баары уурдап, өзү сүттөй ак, таза болгонуна ким ишенет?
— Мамлекетке чыккынчылык кылбаганыңыз, “Кумтөрдөгү” коррупцияга тийешеңиз жок болгону далилденди. Бийликти күч менен басып алууга эч бир катыштыгыңыз жок деген соттун чечими чыкты. Мыйзамсыз, күнөөсүз иштен айдалган кызыңыз калыстык орноп, кайра ишке алындыбы?
— Алынган жок, 3 жылдан бери жумушсуз. Кыргызстандын сырткы карызын эки жарым миллиард долларга көбөйтүп, азыр белгилүү болгондой, карыз алган акчанын далайын жакын кишилери уурдап, интернетте “алкаш” деген каймана ат менен аталган экс-президент 7 жыл ичинде өз кишилерин далай кызматтарга коюп алган үчүн жаңы президенттин иши эл күткөндөй болбой жатпайбы…
Булак: "Жаңы Ордо"